Кыргыз өкмөтү улутташтырылган мамлекеттик мүлктөрдү сатууда 2012-жылы 3,7 млрд сомду бюджетке түшүрүүнү пландаштырып жатат, деп билдирди «Ата Мекен» фракциясынын 2-ноябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Мелис Аттокуров.
Анын айтымында, 2011-жылы «Мегакомду» сатуу каралган. Анын сатыкка чыгарылган баасы 4,9 млрд сомду түзөт. «Бирок бул сумма быйыл бюджетке түшпөй калышы мүмкүн деген кооптонуу жаралууда», - деди ал.
Булак: Баракелде.