Кыргызстан 18 тонна алтын өндүрүшү менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) өлкөлөлөрүнүн арасында эң көп алтын өндүрүп чыгарган үчүнчү өлкө. Бул тууралуу «trtkyrgyz» cайты жарыялады, деп маалымдайт "Баракелденин" түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
«Анадолу» агенттигинин Жаратылыш ресурстар министрлигинин веб барагынан алган маалыматына караганда, киши башына түшкөн алтын өндүрүшү 5 грамм менен дүйнөдө бешинчи орунда турган Кыргызстандын, 2010-жылы өндүрүлгөн 18,1 тонна алтын көлөмү менен, 199 тонна алтын өндүргөн Орусия менен 74 тонна алтын өндүргөн Өзбекстандан кийин КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү өлкө болгону белгиленди.
Кыргызстанда 38 алтын резервинде 100 миллиард доллар баасында алтын табылганы божомолдонгон.
Өлкөнүн жалпысында билинген жана үстүндө иштер жүргүзүлгөн алтын резервдеринин тизмесинде канадалыктардын 1997-жылдан бери иштетип жаткан жана 2009-жылга чейин 200 тонна алтын өндүргөн Ысык-Көл облусундагы Теңир Тоонун үстүндө орун алган Кумтөр алтын кенинде 400 тоннадан ашуун алтын резерви орун алганы белгиленди.
Айрыкча, Жерүй, Талды-Булак, Левобережный алтын кендеринде 70 тонна, Макмал, Бозымчак, Үңкүрташ, Иштамберди, Алтын-Жылга, Ичкесуу, Тохтазан алтын кендеринде 30-70 тонна, Солтон-Сары, Жамгыр, Терек, Перевальное жана Терекханда 5-30 тонна жана башка алтын резервдеринде да 5 тоннанын тегерегинде алтын резерви орун алганы божомолдонгону эске салынды.
Өлкөдөгү 38 алтын резервинен жалгыз Кумтөр менен Макмал резервдери толук өлчөм менен иштетилип жатканда, бул жерден жылына 20-25 тонна алтын өндүрүлгөнү белгиленген.
Бул учурда өкмөт башка алтын резервдерине инвестор тартууга аракет кылып жатканда, акыркы мезгилде айрым алтын резервдерине жакын жашаган жарандар экологиялык тең-салмактуулуктардын бузулганын жана жергиликтүү калктын жумушка алынбаганын себеп көрсөтүп, алтын, цинк, күмүш резервдерине инвестордун келишине тоскоол болушу көңүлдү бурууда, деп жазылат маалыматта.
Булак: Баракелде.