Жалал-Абад шаарында 1-ноябрдан баштап бала бакчаларга, көп кабаттуу үйлөргө, мамлекеттик жана коммерциялык мекеме-ишканаларга жылуулук бериле баштады. Бул туурасында шаардын вице-мэри Анарбек Садыров билдиргенин аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева маалымдады.

 

Шаардагы мектептер учурда каникулда болгондуктан улам, мектептерге жылуулук 5-ноябрдан баштап берилет. Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күндө 15 жаратылыш газында, 1 мазут жана 1 көмүр менен иштеген жалпы 17 от казаны бар. Жылуулук менен 19 бюджеттик ишкана: 7 мектеп, ошончо бала бакча, эки бейтапкана, үч административдик мекеме, алты коммерциялык мекеме жана 36 көп кабаттуу үйдөгү 1256 абонент камсыз кылынат.
«Мындан сырткары, жылуулук жоготууларын азайтуу жана абоненттерге үзгүлтүксүз жылуулук берүү максатында 8 отканадагы отказандар чөкмөмөлөрдөн (накипь) тазаланып, текшерилип коюлду. Ошондой эле 4 отказандын чатырлары капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, шифер менен жабылды. Шаардагы жылуулук колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндөгү жылуулук түйүндөрү жана эшиктин тээктери (задвижка) 80 пайызга оңдолуп, текшерүүдөн өткөрүлдү», - дейт А.Садыров.
Булак: Баракелде.