АКШ Кыргызстанда жайгашкан авиабазасынын мындан аркы тагдыры боюнча жаңы кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу 1-ноябрда өткөн маалымат жыйынында АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд билдирди.
Президенттик шайлоонун жеңүүчүсу аталып жаткан Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында аскердик базанын турушуна каршы экенин билдирген.
АКШнын Транзиттик жүк ташуулар борбору мындан 10 жыл мурда Ооганстандагы антиттеррордук операцияны камсыз кылуучу аскердик база катары ачылган. Учурда ал жерде 1 200 америкалык аскер бар. База боюнча контракттын мөөнөтү 2014-жылы аяктайт.
Булак: Азаттык.