Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришкенин «Serep.kg» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 23-январь күнү саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Б. кайрылып, Тынай-Булак кыштоосунда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатканын билдирген.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда кашардагы үч бөлмөлүү үйдөн 20-25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Ага сыртынан кароо жүргүзгөн маалда күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Ошондой эле ал Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган.

Айрым тургундар жаш келин ур-токмокко алынып, атка сүйрөтүлүп өлтүрүлгөнүн айтышкан.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында шектүү катары Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.И. кармалган. Ал аталган сарайда малчы катары иштеп жүргөн.  20-январь күнү мас абалында өзү менен менен чогуу жашаганК.К.ны ур-токмокко алып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан М.И.га Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) айыптоо актысы бекитилип, иш сотко жиберилген.

Сотто Кочкор районунун прокурорунун орун басары айыптоону колдоп, М.И.ге 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Кочкор райондук сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги өкүмү менен М.И. күнөөлүү деп табылып, 150​ 000 сом айып салуу менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Кочкордо келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Булак: reporter.kg