Укук коргоо кызматтары "барабанда ойногон" активисттер менен эмес реалдуу маселелер менен күрөшүшү керек. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Паспорттук кризис башталды, чет өлкөгө дарыланыш же билим алуу үчүн бара тургандар чакыруу алышканы менен паспорт ала албай жатышат. Анткени, бланк жок экен. "Мамлекеттик үлгүдөгү документтин жоктугу -кризис. Андан башка да энергетикалык кризиске жакындадык. Бул маселелерди кантип чечебиз? Инфляция өсүп жатат, азык-түлүктөрдүн баасы жогорулады. Аны талкуулап эле жатабыз, бирок өкмөттөн да, президенттен да жооп жок. Пандемиянын айынан жумушсуздук күч алды. Уурулук көбөйдү. Беткап, кол кап тагынып алышып эч кимден коркуп-үркпөй эле түндө үйлөргө уурулукка кирип жатышат. Ушул маселелер менен күрөшүштүн ордуна биздин укук коргоо кызматкерлери активисттердин артынан түшүп, ким эмне кылып жатканын, ким барабанды койгулап жатканын аңдып жүрүшөт", - деди депутат.
Ал укук коргоо кызматтарын реалдуу маселелер менен алектенүүгө чакырып, кошумчалады: "Фейсбуктагы пост үчүн түрмөгө отургузушат да, уурдагандарды бошотуп жатышат".