УКМКнын Антикоррупциялык кызматына тарабынан Ош шаарынын ЖЭБиндеги коррупциялык схема аныкталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Ош шаардык ЖЭБинин жетекчилиги коммерциялык обьекттердин жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, коомдук мончо, спорттук зал, медициналык клиника, көп кабаттуу турак-жайларга жылуулук түйүндөрүн кошуп берип турушкан.
Бул иштердин баары мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн. Ал эми жогорудагы коммерциялык обьекттерден которулган каражаттардын баары ЖЭБдин жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан кымырылып турган, ЖЭБдин эсебине түшүрүлөн эмес. Аталган коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда ААК тарабынан келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Тергөө, иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен коррупциялык схеманын башында тургандар мыйзам чегинде жоопкерчиликтерге тартылып, кымырган акчаларын “кусат” деп ишенебиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити