Жыл сайын кыш келип, үйлөрдө көмүр жагыла баштаары менен жүрөк үшүткөн суук кабарлар пайда болот. Бул аймакта бир үй-бүлө же бир үй-бүлөнүн мынча мүчөсү иске ууланып каза болуптур деген маалыматтар интернет желесинде шамалдай тарайт. Быйыл да каргашалуу окуялар катталды. 21-декабрда Кочкор районунда төрт адамдан турган үй-бүлө таңды тоспой калышты. Аял үч кызы менен көмүр исине ууланып калышкан. Андан кийин 2-январга караган түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда ушул сыяктуу эле окуя орун алып, жаш эне 5 жаштагы жана 3 жаштагы эгиз балдары менен уктап жаткан жеринен о дүйнөгө аттанып кете берди.
Көмүр - сууктан сактануунун, үйдү жылытуунун куралы. Айыл жергесиндеги жер үйлөрдө ансыз кыштан чыгуу мүмкүн эмес. Бирок истен сактануу да керек эмеспи. Кантип көмүр чыгарган уунун алдын алууга болот? Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын Ченемдик-техникалык иштер боюнча жана өрттү иликтөө бөлүмүнүн майору Аскат Мукановдун айтымында, сактануунун алгачкы чарасы – от жагуучу мештерди туура куруу жана даярдоо.
“Суук түшкөнгө чейин кышка даярдануу маалында от жагуучу мештердин морлорун жакшылап тазалоо керек. От жагып жатканда отту туура калап, мештин эшигин аба кирип тургудай жылчык калтырып жабуу зарыл. Балким, бул маанисиз нерседей кабыл алынышы мүмкүн, бирок аны менен оор кесепеттердин алдын алууга болот”, - дейт Муканов.
Ошондой эле, ал белгилегендей, заманбап түрдө курулган мештер да кооптуурак. Көп жылдар мурун кыргыздар мешти башкача салышчу, анда морду үйдүн ичинен кирпичтердин ортосу менен сыртка алып чыгышкан. А бүгүнкү күндө морду темир аркылуу чыгарышат.
“Бул абдан кооптуу, анткени түн ортосунда аба муздоосу жогорку чекке жеткенде сырттагы аба мордун ичине үйлөнөт. А ис үйдүн ичине кирет”, - дейт адис.
Ал эми иске ууланган чакта, биринчи жардам кандай болуу керек? Мурдуңузга жагымсыз жыт келип, башыңыз айланып, өзүңүздү жаман сезе баштасаңыз же иске ууланып баштаган адамды көрүп калсаңыз, анда биринчи кезекте бөлмөнү желдетүүгө шашылыңыз. Анан дароо таза абага чыгыңыз. Мындайда Тез жардам чакыруу да ашыкчалык кылбайт. Эгерде адам эс-учун жоготуп койгон болсо, аны капталынан жаткырып дем алдыруу керек. Анан жабыркаган адам тумчугуп калбоосу үчүн тилин чыгаруу зарыл. Дагы бир эске алчу нерсе, ис дайым эле жагымсыз жыт чыгара бербейт. Жыты жок ис абдан коркунучтуу. Ошондуктан, өз өмүрүңүзгө жоопкерчиликтүү болуп, күн сайын уктаар алдында мешти текшерип, терезелерди ачып бөлмөнү желдетип алуу керек. Ошондой эле, өрт коопсуздугун сактоо үчүн электр жылыткычтарын да этияттык менен пайдаланыңыз. Уктаарда жогорку көрсөткүчүнө койбоңуз жана эки жылыткыч колдонсоңуз бири бирине жакын жайгаштырбаңыз. Кийим-кечектерди да жакын коюуга, илип салууга болбойт. Сиз бир гана өз өмүрүңүзгө эмес, жакындарыңыздын да коопсуздугуна жооптуу экениңизди унутпаңыз.