Рахат Сулайманов “5-каналга” башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу жеке булактар билдиришти. Ал эми Рахат Сулайманов буга чейин УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген.

“Бешинчи канал” ЖАКнын жетекчиси Эрнис Кыязов Мамлекеттик мүлк фонду жана өкмөттүн токтому менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду билдирди. Эрнис Кыязовдун ордуна телеканалга жетекчи болуп Рахат Сулайманов дайындалды.

Белгилей кетсек, Рахат Сулайманов кесиби боюнча журналист. Буга чейин бир катар мамлекеттик жана жеке менчик телеканалдарга эмгектенген. Сулайманов акыркы 3-4 жылдан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматында иштеп келген.

Булак: Элгезит