2020-жылдын эсебинен УКМК 2 террактын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-декабрда болгон маалымат жыйынында билдирди. 

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 229 кылмыш иши катталды. 29 террорист жана алардын шериктери кармалды. Алардын жетөөсү куралдуу кагылышууларда болгон согушкерлер. 28 экстремистти да кармоого жетиштик. Жалпысынан 35 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды жана 19 чет өлкөлүк жихадчылар камакка алынды", - деди Ташиев.