Муниципалдык ишкананы убактылуу Айгүл Наватова жетектөөдө

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Элнура Жолдошева берилген арызга ылайык, "Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын директору кызматынан бошотулду.

"Бишкекзеленхоз" кичи ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруу депутат Айгүл Наватовага жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек шаардык мэриясы