Маалым болгондой, шайлоо мыйзамдарына ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, шайлоолордо буга чейинкидей №2 форманы колдонуудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Ошондон улам шайлоочулардын саны азайганын БШКнын тѳрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

14-декабрга карата Кыргызстан боюнча 3 млн. 552 миң шайлоочу катталган. Бул сан 29-декабрга чейин ѳзгѳрүшү толук мүмкүн. Шайлоочулардын эң кѳбү Ош (726 311) жана Жалал-Абад облусуна (667 286) туура келет. Кыргызстандан сырт жерде 35 575 шайлоочу катталган.

№2 форманын колдонулбай калуусу албетте, кайсы бир деңгээлде шайлоочулардын активдүүлүгүнѳ таасир этпей койбойт. Экинчиден, шайлоо кычыраган кышта ѳтүп жаткандыктан, бул фактор да добуш берүүгѳ келчүлѳрдүн  санын азайтышы ыктымал.

Бирок айрым сурамжылоолорго караганда, алдыдагы президенттик шайлоодо  элдин жарандык милдеттерин  жогорку  активдүүлүктѳ аткарышары күтүлүүдѳ. Ошондой эле болсун дейли! Шайлоонун жыйынтыгы, эртеңки келечек элдин активдүүлүгүнѳн, тандоосунан кѳз каранды.

Булак: «Майдан. kg» гезити