Аба ырайынын сууктугунан улам электр энергиясын колдонуу көбөйүп, энергосекторду оор абалга кептеди. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Анда айтылгандай, Кыргызстанда электр энергияны колдонууга чектөөлөр киргизилүүдө. Бирок жылма өчүрүүлөр болбойт. Ошол эле мезгилде кырдаал кооптуу. Анткени, электр жарыгын пайдалануу рекорддук темпте  өсүүдө. Бишкекте электр жарыгын пайдалануу 20 %га, Чүй облусунда 14 %га өскөн. Өлкөнүн башка аймактарында деле ушундай эле көрүнүш.  Мындай абал улана берсе, авариялык система ишке кирип, электр энергиясын берүү автоматтык түрдө токтоп калышы ыктымал.

Ушуга байланыштуу энергетиктер элге кайрылып, электр энергиясын үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланбоого чакырды. Энергетиктердин кооптонуп, элге кайрылгандары да жөндүү. Бирок анда үйлөрүн жылытуу үчүн жылыткычтарды гана пайдаланган жарандар кантишет? Албетте, жылыткычтар менен үйлөрүн жылытышып, сууктан коргонушат. Андыктан энергетиктердин чакырыктары үшүп аткан элге эч кандай таасир этпээри бышык. Мындай шартта кыштын кылычынын мизи кайтышын, энергетика системасындагы жабдыктардын бузулбай, этпей иштеп турушун Жараткандан тилөөдөн башка аргабыз жок. Не дейбиз, Кудай өзү сактасын!

Булак: «Майдан. kg» гезити