Бишкек шаардык кызматтар жана райондук администрациялар жылытуу мезгилинде көмүр сатуу түйүндөрүнүн ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын кымбаттатууга жол бербөө жана көмүр сатуучу пункттардын айланасында тазалыкты сактоо максатында чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкекте 7 көмүр базасы жана 27 стационардык пункт бар. Көмүр сатуучу түйүндөрдө Кара-Кече жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн бир тоннасынын баасы 4000-4200 сомго чейин.
Иштеп жаткан пункттарда бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече, Шабыркүл) 170-280 сомдон, көмүрдүн тоннасы 4000-4500 сомдон.
Көмүргө байланыштуу көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номерине жөнөтсө болот.
Булак: Маралфм