2019-жылдын 9-мартынан 19-мартына чейин Сауд Арабиясынын Королдугунун аймагында король Абдул Азиз бин Салман атындагы жыл сайын өтүүчү эл аралык “Camel Fest” фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын атынан бир катар маданият өкүлдөрү, спортчу, каскадер жана акробаттар катышкан эле.
Дал ошол “Camel Fest” этнофестивалынын катышуучусу, цирк режиссёру, жаачы-каскадер, жогорку категориядагы цирк артисти, көп кырдуу талант ээси - Асланайым (Светлана) Аширова программага даярдык убагында бутунан катуу жаракат алып, Сауд Арабиясында оор операцияны башынан өткөргөн.
Дүйнөлүк аренада татыктуу өнөрү менен Кыргызстандын туусун желбиреткен элибиздин таланттуу, сыймыктуу кызы - Асланайым Аширова экинчи ирээт жасала турган олуттуу операцияга муктаж. Каражатка байланыштуу Асланайымга экинчи жолу жасала турган операция өз убактысынан кечигип жатканын белгилейбиз.
Ден соолугу кыйнап, буту оорутуп турганына карабастан Асланайым Аширова дагы эле өз ишмердүүлүгүн улантып, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде көркөм гимнастика жана балет хореографиясынан сабак берип, тынымсыз эмгек жасоодо. Өз кезегинде Асланайымдын окуучулары да татыктуу жолду улап, ар түрдүү форматта өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарда күчтөрүн сынап, алдыңкы орундарга да ээ болуп жүрөт.
Кесибин билгичтик, артыкчылык менен таамай, таасын аткарган өз ишинин чыныгы чеберинин, Кыргыз цирк өнөрүнө, кыргыз искусствосуна кесипкөйлүк менен ак эмгегин арнап жаткан таланттуу кызыбыздын операциясы үчүн жардам колуңуздарды сунасыздар деген чоң үмүтүбүз бар.
Бул үчүн “Элсом” системасы, башкача айтканда төлөм кызматы аркылуу (0776) 270388 номерине жардамыңыздарды жиберсеңиздер болот.
Бул жардам аркылуу биз таланттуу кызыбыздын мындан ары да өз ишмердүүлүгүн татыктуу улантып, кыргыз цирк өнөрүнүн, кыргыз искусствосунун өркүндөп-өсүшү үчүн салым кошушуна көмөкчү болобуз. Сиздер көрсөткөн ар бир жардам – абдан маанилүү.