Башкы прокуратура интернетте тараган «Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков мас абалында сотко катышып, Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кетти» деген тасмага байланыштуу кызматтык иликтөөсүн баштады.

Башкы прокурор өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнө Сарыковго байланыштуу факты боюнча кызматтык териштирүүнү уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча берилген баа тууралуу кошумча маалымат болорун билдирди.

Ал эми Сарыков ага коюлган дооматтарга минтип жооп берген:

«Коопсуздугумдан коркуп качканмын. Ал жерде прокуратуранын бир да кызматкери жок эле. Мени коргоп кала турган кызматкерлер болгон жок. Жумушумду бүтүрүп, коридорго чыгып кетип баратканымда мага кол салышты. Корктум. Судьянын бөлмөсүнө качып кирип, судьянын уруксаты менен качып кутулганга аргасыз болдум», — деген Сарыков мас болгону тууралуу айтылган кептерди четке какты.

Булак: Элгезит