Кыргызстандын жаранынын идентификациялык паспортуна улутуна тиешелүү графа кошулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Чечимге премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан вице премьер-министр Артем Новиков 15-декабрда кол койду.

Бул өзгөртүү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2017-жылдагы паспорттун үлгүсүнө өзгөртүү киргизүү боюнча чечимине ылайык ишке ашууда. Конституциялык палатага «Улутуңду унутпа!» кыймылы бул боюнча арыз менен бир нече жыл мурун кайрылган. Конституциялык палата быйыл паспорттогу «улуту» графасынын алынып салынышы Конституциянын 38-беренесине каршы келип, жарандын улутун аныктоо эркиндигин чектейт деп бүтүм чыгарган.

Мындан ары кыргызстандыктар өз каалоосу менен улуту тууралуу маалыматты паспортко коштура алышат.

 

Булак: Элгезит