Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт материалдарына мамлекеттен каржыланган теле, радио жана басылмаларда акысыз үгүт жүргүзүү убактысын жана ордун бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Бул жараянга президенттик шайлоого катышып жаткан 18 талапкердин өкүлдөрү, телерадиоканалдардын жана гезиттердин жетекчилери катышты.

Коомдук биринчи телеканалдын шарты боюнча, талапкерлер үч форматта акысыз үгүт жүргүзүп, өздөрүн шайлоочуларга тааныштыра алышат. Анын ичинде дебатка, талапкер тууралуу атайын репортажга жана жеке кайрылууга убакыт берилет.

Ал эми ЭлТР телеканалы талапкерлердин жеке кайрылуусуна, атайын репортажга жана «Саясат сыртындагы талапкер» деген аталыштагы берүү үчүн убакыт бермекчи.

Булак: Элгезит