Бүгүн Бишкекте, "Ала-Тоо" аянтында жарандарды митингге чыгуудан баш тартууга чакырган митинг болуп өттү. Уюштуруучулардын бири Алманбет Ырысалиев жарандардын ар кандай митингдерге жана провокацияларга катышуусунун  алдын алуу үчүн ушул кадамга барышканын билдирди.  

"Биз митинг жана төңкөрүштөр өлкөбүзгө дестабилизация орнотууну каалагандардын чырагына май тамызаарын түшүнүшүбүз керек. БШКдан таза шайлоо өткөрүүсүн талап кылабыз, ошондой эле  бардык талапкерлерди татыктуу, абийирдүүлүк менен жарышка катышууга чакырабыз. Карама каршылык жаралбасын, карапайым калк жабыр тартпасын дейбиз. Үч күндөн кийин президенттик шайлоонун үгүт иштери башталат. Кыргызстан жыйынтыгы жакшы болбогон бир катар революцияны башынан кечирди", - деди ал. 

undefinedundefinedundefined