Ырчы Анжелика Кайратова Жаңы жылга карата 100 көйнөгүн сатып, кайрымдуулукка жумшайт. Бул тууралуу ал «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

«100 кече көйнөктөрүмдү 2000 сомдон жогору сатам. Бүгүнкү күндө кыйналып жаткан 200 үй-бүлөгө (тизмеги бар) чогулган каражат  таратылат. 13-декабрда келиңиздер, келе албагандар онлайн алса болот», – деп жазган ырчы.

Булак: reporter.kg