Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, Аламүдүн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборунун санитардык-гигиеналык изилдөөсүндө бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом, медициналык кызматкерге 7500 сом, башкы ашпозчуга 7500 сом айыппул салынды.

Аталган мектептин 23 окуучусу 9-декабрга караган түнү тамакка ууланып №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Кийин тамактан жалпы 25 адам ууланганы, анын 24 окуучулар, бирөө чоң киши экени такталган.

Алардан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабар алып, абалын көргөн. Бейшеналиевдин айтымында, балдардын алтоо реанимацияга түшкөн. Баарынын ашказандары тазалангандан кийин абалы жакшы болгон. Учурда алардын саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Жабырлануучулар үйлөрүнө чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, уулануунун себептери лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин такталат.

Булак: Элгезит