Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, союз мезгилинде, Өзбек ССРи тарабынан курулуп, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналар Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашып, 1400 гектар жерди ээлеп турган.
Маалыматта мунай скважиналарын Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» (учурда «Андижаннефти» АК) 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. СССР маалында 108 скважина иштеп, союз таркагандан кийин өзбек тарап бузуп алып кеткен скважиналардан учурда Кадамжайда 18и калган. Алардын баары 2011-жылдын 21-майынан бери иштебей токтоп турат. Мындан тышкары 1950-жылдан тартып мунайдан бошотулган пласттарга камалган 1 млрд. 500 млн. метр куб газ Фергана өрөөнүн жана Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдарын камсыз кылып турган. Бирок учурда газ жок экендиги айтылган.
Мындан тышкары Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кенин да 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген. 2013-жылы 20 гектарга чукул жерде кара май сордура турган тогуз куур жана табигый газ алуучу беш скважина талашка түшүп, кийин эки өлкөнүн өкмөтү мунасага келген соң тажик тарап кенди таштап чыгып кеткен.
Кыргыз өкмөтү эми Баткен облусундагы газ жана мунай кендерин өзү иштетип же инвесторлорду тартса, жок дегенде өлкөбүздүн түштүк аймагынын күйүүчү май менен газга болгон муктаждыгы чечилип, жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө, экономиканы көтөрүүгө салым кошулат эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити