Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 7-декабрда Баткен облусундагы жумуш сапарында аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылышында билдирди.

«Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экенин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөнү колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учак каттап жатат жана бул багыттагы иштер улантылат», - деди Новиков.

Ал Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, анын музейине да барды.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы аэродромдун сертификациялык талаптарга шайкештигин текшерген. Комиссия аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтерди аныктаган, аэродромдун мурдагы сертификаты жокко чыгарылган. Буга байланыштуу 2019-жылдын апрель айында Бишкек - Исфана - Бишкек каттамындагы каттамдар токтотулган.

Өлкөбүздүн эң алыскы аймагы болгон Исфана шаарындагы аэропорттун реконструкциялангандыгы жана ага улуу инсан И. Раззаковдун ысымы ыйгарылгандыгы жакшы жаңылык. Бирок өкмөт эми Исфанадан Ош, Бишкек шаарларына каттаган самолётторду да кайра жандандырса, эң сонун болмок.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити