Кыргыз өкмөтү чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын аэропорт аркылуу өлкөгө кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу 4-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Мурда Кыргызстанга өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алып жаткан, дарыланууга келген жана жакын туугандарынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келе жаткан чет элдик жарандардын гана кирүүсүнө уруксат бар болчу.
Ведомствонун маалыматына караганда, эми Кыргызстанда үзгүлтүксүз авиакаттамдар иштеп баштайт.
Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирүү үчүн акыркы үч сутка ичинде текшерилген ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ошондой эле самолеттун салонундагы жүргүнчүлөрдүн бардыгынын дене табы текшерилет.
ПЦР-тесттин мөөнөтү (72 саат) учуунун узактыгы же авиакаттамдын кармалышына байланышкан объективдүү себептерден улам өтүп кеткен болсо, чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар келип түшкөн аймактан ПЦР-тест тапшырууга милдеттүү.
Ошондой эле, бийлик 2021-жылдын 10-январында өтүүчү кезексиз президенттик шайлоого байкоочу катары келе жаткан чет элдик жарандарга да өлкөгө кирүүгө уруксат берди.
Кыргызстандын бийлиги 2020-жылдын март айында, өлкөдө COVID-19 жугузган алгачкы учурлар катталгандан тартып чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салган болчу. Коронавирус илдетинен улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү чек араларын жапкан. Бирок оору жуктурган учурлар азайганда акырындап чек аралар ачыла баштаган.
Эми чет элдиктердин келүүсү менен өлкөбүздүн туризм, тейлөө тармактары да жанданып, экономикабызга салым кошулары күтүлүүдө.
Булак: “Майдан. kg” гезити