Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 7-декабрдагы жыйналышында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ ДИАУБдун 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.

БШКнын берген маалыматына ылайык, дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.

- Ханнс Зайделдин фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;

- Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;

- Молдова БШК – 2 байкоочу;

- КМШ ПАА – 34 байкоочу;

- КМШ миссиясы – 4 байкоочу;

- Азербайжан БШК – 1 байкоочу;

- ЕККУ ДИАУБ – 12 байкоочу.

Булак: Баракелде