Чүй облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасаган шектүү кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
4-декабрда күндүз Ысык-Ата районундагы көчөдө жергиликтүү жашоочуну (аял киши) коркуткан эркек кишилердин арасында мурунку күйөөсү да болгон. Алар күйөөсүнөн талап кылган алимент менен мүлктөн баш тартууну талап кылышкан.
Ошол эле жашоочу (аял киши) 2-декабрда да мурунку күйөөсүнүн үстүнөн милиция кызматкерлерине кайрылган. Шектүү адам бүгүн, 7-декабрда аймактык милиция пунктуна жеткирилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Баракелде