Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  мүчөсү Жамин Акималиев менен маек.

-Жамин агай, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев эттин кымбаттоосун алдын алуу үчүн малды сыртка чыгуусун чектеген чечим кабыл алды. Анын бул аракетине нааразы болуп, башта 10 миңге бир чоң кой сатса, азыр козусу менен араң 10 миң болуп жатканын айтып, нааразы болгондор күч. Айыл чарба министринин бул чечими элдин турмушун жеңилдешине салым коштубу же тескерисинче оорлоттубу?

-Айыл чарба министрлигинин бул кадамы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалган аракет. Жалпы жонунан алганда эттин өндүрүү көлөмү бизди канааттандырбайт. Мисалы, илимий негизделген өлчөм боюнча ар бир адам бир жылдын ичинде 69 килограммдан эт жеш керек. Той, аштар көп өткөрүлүп жатканы менен бизде бир киши, орто эсеп менен алганда, жылына 40 килограммдан эле эт жейт. Ошол эле учурда быйылкы жылы тирүү мал Өзбекстанга, Казакстанга жана Тажикстанга көп санда чыгарылып кетти. Ушунун артынан элибизге эт жетпей, анын баасы бир кыйла жогорулады. Чыркыраган чындыкты айтсак, биз өзүбүз 6 млн. элибизди эт менен камсыз кыла албаганыбыз өтө эле уят иш. Малдын сыртка чыгарылышына чек койуу коюу бул көйгөйдү толугу менен чече албайт. Эң негизги маселе - Республикада эт өндүрүүнү көбөйтүү керек. Бизде буга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы мезгилде өлкөбүздө 6,5 млн. кой-эчки, 1,5 миллион кара мал, жарым миллион жылкы бар. Мындан тышкары миллиондогон бакма канаттуулар, чочко жана топоздор турат. Малга тоют болсун деп Жаратканым кыргыз элине 9 млн. гектар жайлоону берип койгон. Андан тышкары жака жерлерде беде, эспарцет, арпа, сулу жана жүгөрүнү өстүрөбүз. Демек, эгер малыбыздын басымдуу көпчүлүгү асыл тукум болсо жана аны жакшы баксак, эт өзүбүзгө эле эмес башкаларга да жетет. Кептин баары ушунда. Айыл чарба министрлиги ушул маселе менен алек болушу керек.

-Айыл чарба министри айрым азыктардын да сыртка чыгышын чектеди. Мындай аракет менен азык- түлүк коопсуздугун алдын ала алабызбы?

- Ооба, азык-түлүктүн башка түрлөрүн да сыртка чыгарууга чек коюлду. Мисалы, буудай. Элибизди нан менен камсыз кылыш үчүн бизге бир миллион эки жүз миң тонна дан керек. Быйылкы жылы болгону 630 миң тонна гана буудай өндүрүлдү. Калган жарымын Казакстан менен Орусиядан сатып алышыбыз керек. Ушул кантип болсун? 80-жылдарда биз 2 млн. тоннага чейин дан өндүрүп, артканын Орто Азия өлкөлөрүнө сатчубуз. Ал турмак, кийинки эле 2009-жылы бир миллион элүү миң тонна буудай өндүргөнбүз. Азыр деле жыл сайын 400 миң гектар жерге буудай сээп, ар гектарынан 30 центнерден түшүм алсак, өзүбүздү өзүбүз арзан жана сапаттуу нан менен камсыз кыла алабыз. Ал үчүн өзүбүз чыгарган буудайдын мыкты сорттору бар жана алардан асыл-тукум үрөндөрдү жетиштүү өлчөмдө өндүрсөк болот.  Кумшекерди да сыртка чыгарууга тыюу салынды. Анткени, Сары Өзөн Чүй кант кызылчасынын мекени болуп, ал жерден Зууракан Кайназарова, Керимбүбү  Шопокова, Күлсара Сулаймановадай атактуу кызылчачылар чыкса дагы, азыркы учурда биз өзүбүздү өзүбүз кумшекер менен камсыз кыла албай жатабыз. Бул дагы акылга сыйбаган иш. Биз жыл сайын Чүй жана Талас облустарында 30 миң гектар жерге кызылча эгип, гектарынан 50 тоннадан түшүм алсак эле, кант менен толук камсыз болобуз, ал турмак ашып калат.

- Доллар кымбаттап, азык- түлүктүн баасы асманды чапчыды. Элди кантип кыштан кыйналтпай чыгарсак болот?

- Азык-түлүк коопсуздугун тамак-аштын 9 түрү камтыйт. Ушул учурда сүт, жашылча жана картошканы гана өзүбүздө жетиштүү көлөмдө өндүрөбүз. Ал эми эт, буудай, кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка жана мөмө-жемиштеринин көпчүлүгүн сырттан сатып алабыз. Импорттолуп келген товарлардын баасы доллар менен аныкталат. Ушунун кесепетинен баалар дагы кескин көтөрүлүп кетти. Тамак-аштын бардык 9 түрүн толугу менен өзүбүздөн эле өндүрсөк болот. Ошондо баа арзандайт. Бирок ал үчүн дыйкандарыбызга мамлекет тарабынан орчундуу материалдык жардам талап кылынат.

- Суу майдын, шекердин маселесин чечиш үчүн кант заводун, Оштогу пахтадан май чыгарган заводдорду ишке киргизип, айдоо жерин кеңейтишибиз керекпи?

-Суу майы менен деле өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла алабыз. Ал үчүн тийиштүү өлчөмдө күн карама, сафлор, соя, рапс, зыгыр майын жана пахтаны себиш керек.

- Жазында элдин тамак -аш коопсуздугу боюнча абалы кандай болушу мүмкүн?

- Жазында элдин тамак-ашка болгон муктаждыгы курчуйт. Ошондуктан, Мамлекеттик резерв фондуна азык-түлүктү  көбүрөөк камдап коюш керек. Ал жердеги запастар кеминде 90 күнгө жетиши зарыл. Экинчиден, "жаздын камын кышта көр" дегендей, эмитен эле айыл чарба техникасын, сапаттуу үрөндөрдү, жер семирткичтерин, күйүүчү майларды жана жетиштүү каражаттарды камсыз кылуу керек. "Жаздын бир күнү бир жылга тете" деген акылман сөздү унутпашыбыз зарыл.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити