Конституциянын жаңы долбоору талкууга алынгандан бери Башмыйзамдын жаңы редакциясы боюнча ар кандай пикирлер айтылып, жазылууда. Алардын арасында жаңы Башмыйзам кабыл алынса, президент бийликти толугу менен узурпациялап алганы жатат деп кооптонгондор да бар. Бул боюнча УИАнын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр институтунун башчысы Чолпон Койчуманова пикирин билдирип, эч кандай бийликти узурпациялоо болбой турганын айтты. Ал башкы мыйзамдын жаңы редакциясында узурпация жөнүндө сөз жоктугун, президенттин жоопкерчилиги гана күчөтүлүп жатканын белгиледи.
«Коомчулукта бийликти узурпациялоо боюнча айтышууда. Жаңы редакция менен таанышканда, анда узурпация жоктугун, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлүп жатканына ынандык. Узурпация менен жоопкерчиликти чаташтырбоо керек. Президент жоопкерчилик тартышы керек, ошон үчүн ага экс-президент макамын берип атабыз», - деди.
Булак: «Майдан. kg» гезити