Бүгүнкү бийликтин мыйзамсыз, коррупциялык жол менен уурдагандарын өз ыктыярлары менен мамлекетке кайтаруу боюнча мунапыс айы жемишин бере баштады. Кезек мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жетти. Өзүнө тийешелүү компанияны меники эмес деп жанын жеп, «менин өзүмдүн үйүм жок,  батирде жашайм»,-  деп көпчүлүктүн оозун ачырып, жакасын карматкан айтылуу экс-чиновник өзүнө козголгон кылмыш иштин алкагындагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз эрки менен мамлекетке 500 га жайыт жерди жана 30 га эгин аянтын кайтарып берүүгө убада берди. Ал өзү билдиргендей, аталган жерлер анын жакын туугандарына катталыптыр.

Не дейбиз, ушундай жол менен уурдап, кымыргандардын, мыйзамсыз байыгандардын мүлктөрүн мамлекеттин эсебине кайтартса болот  экен го. Айтарыбыз, экономикалык мунапыс 1 ай  менен чектелбей, бул иш мындан ары да улантылышы керек. Коррупция менен күрөшүүнүн максаты кармалган адамды соттоп, камоо эле эмес, уурдагандарын «кустуртуу» менен коштолушу кажет.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити