Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бул маалыматты  5-декабрда булактар билдирди.

Ал эми К.Бороновдун чөйрөсүндөгү адамдар абалы канааттандырарлык экенин билдирген. Мурунку өкмөт башчы ооруканага жаткырылганы, андан коронавирус аныкталганы 3-декабрда белгилүү болгон.