Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Ош шаарында мамлекеттик бюджеттен 73 миллион сомду өзүнө чегерип алууга шектүү кызматкерлердин үстүнөн тергөө уланып жатканын билдирди.

Мекеменин 4-декабрдагы маалыматына караганда, Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча курулуш ишин жүргүзүүдө 10 миллион сомдук трансформаторлордун баасы 82 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Буга чейин Финпол ушул эле Кең-Сай конушунда жол курууда 13 миллион сомдук курулуш иштери аткарылбай калганын кабарлаган. Бул иш боюнча Ош облустук капиталдык курулуш башкармалы менен келишим түзгөн ишкананын жетекчиси камакка алынганы белгилүү болгон.

Финпол бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо уланып жатканын билдирди.

Кылмышка шектелип жаткан тарап азырынча өз маалыматын бере элек.

Булак: Азаттык