Ал операция Ош облустук ооруканасында  болду, тажрыйбалуу дарыгерлердин тобу 86 жаштагы карыянын жүрөгүнө оор операция жасап, ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу дарыгер-хирург Канат Аширов билдирди.

Анын айтымында, жашы өткөн карыя үчүн жүрөгүнө ачык операция жасоо кооптуу болчу. Ошондуктан, жүрөктү токтотпой туруп, жамбаш сөөккө жакын артерия кан тамыры аркылуу атайын катетерди колдонуп, “аорта клапанына” имплантациялоо жасалды деп билдирет ак халатчандар.

“Бул операция - акыркы он жылдыкта дүйнө жүзүндө киргизилип аткан жаңылык болчу. Адамдын көкүрөгүн кеспей, бутундагы кан тамыр менен барып, клапан коюу. Бул – дүйнөдө жаңы ыкма болуп жатат. Мындай операция жасагандардын катарына  ушинтип Кыргызстан дагы кошулду. Мындай ыкма менен биздин өлкөдө биринчи жолу жасалды. Буйруса бул чоң иштин башы болуп турат”, -деди дарыгер-хирург К.Аширов.

Бул операциянын уникалдуулугу – операция учурунда бейтап уктатылбайт жана операциядан кийин ал ооруканада көпкө жатпайт. Адам өзүн жакшы сезип, үйүнө тез арада чыгарылат жана кадимки жашоого бат кайтып келет.

Көрсө, биздин медиктердин  деле дүйнөлүк деңгээлде чоң ачылыш жасап, адам баласынын эң чоң көйгөйү болгон жүрөк ооруусун оңой жол менен операция кылып айыктырууга мүмкүнчүлүгү бар турбайбы. Эми өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги мындай алтын колдуу дарыгерлерге моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп койсо, дагы далай элге кызмат кылышарынан үмүт чоң.

Булак: «Майдан. kg» гезити