Кара-Суу районунун Алга айылында эл 6 миллион сом акча топтоп, бардык талаптарга жооп берген спорт комплексин куруп, пайдаланууга беришти. Көп жылдан бери спорт залга муктаж болуп келген айыл эли бул жагымдуу саамалыкты чыдамсыздык менен күтүп келген. Айыл тургундары өз каражатына сала баштаган спорт залдын курулушу аяктап, жаштар бош убактысын спорт залда өткөрө башташты.

Спорт комплексте машыгууну каалагандар үчүн бардык шарттар каралган. Бокс, воллейбол, күрөш сыяктуу спорттун ондон ашык түрү менен машыкса болот.

Спорт зал салуу демилгесин айыл тургундары өздөрү көтөрүп чыккан. Алар каражат топтоп, жыйынтыгында эл топтогон 6 миллион сомго ушул спорт комплекси салынды. Жардам бергендердин басымдуу бөлүгүн мигранттар түзөт.

Учурда Кызыл-Октябрь айыл аймагында элдин жардамы менен дагы бир балдар аянтчасы курулуп жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик балдар бакчасын жана эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңысын куруу боюнча аракеттерди баштаган.

Аталган айыл өкмөттө пандемиялык кырдаалда да жергиликтүү тургундар менен мигранттардын топтогон каражаттарына айылдык ФАПка жардамдар көрсөтүлүп келген. Учурда ар бир айылдардагы ооруканаларда элдин жардамы менен алынган экиден ИВЛ аппараты, кычкылтек концентраторлору бар.

Эми карасуулуктардын бул демилгесин республикабыздын башка аймактарынын мигрант-жаштары да колдоого алышса, айыл элинин социалдык көйгөйлөрү чечилип, жаштарыбыз бош убактысын көңүлдүү өткөрүүсүнө шарт түзүлүп калмак.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити