Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалдык кызматкерлерге Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жана көп санда чогулууга тыюу салды. Бул тууралуу ал 2-декабрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Нургазы Каримов Түлөбаевге «бул киргизилген чектөө жеке ишканаларга да тиешелүүбү?» деген суроо узатты.
«Мен аларга тыюу сала албайм», - деп жооп берди Түлөбаев.
Депутат массалык жыйындар коронавирус пандемиясынын жайылышына шарт түзүп жатканын айтты.
Түлөбаев депутаттын бул сөзүнө кошулуп, ага кафе-ресторандарга иштелип чыккан алгоритм жөнүндө билдирди.
Булак: Баракелде