Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, “Конституциянын негиздери” секциясы эки күндөн бери Баш мыйзамды талкуулап жатат.

“Азыр 21-беренеге жеттик. Баш мыйзамдын 17-беренесинин 5-пунктунда жер казына, аба мейкиндиктер, суу, токой, өсүмдүк-жаныбарлар жана башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын менчиги деп жазылат. Ал пунктка жайыттарды да коштук. Себеби кыргыз эли жайытка өзгөчө мамиле кылып келген. Акыркы жылдары жайыт маселеси курчуп, талаш-тартыштар да болууда. Мындан улам жайыттарды да мамлекеттин менчигине киргизип, сатылбайт дегенди киргиздик”, - дейт ал.

Абыкеев ошондой эле археологиялык, тарыхый табылгалар, мурастар жана объектилер мамлекеттин менчигине киргизилгенин айтат.

Булак: Кабар