Бүгүн, 1-декабрга карата Каржы министрлигинин атайын эсебине Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 646,6 млн сом келип түштү.
Каржы министрлиги Tazabek басылмасына билдиргендей, Матраимов соңку жолу 110,4 млн сом которду.
«Ал эми 17-ноябрга чейин Р.Матраимов 493,8 млн сом которгон, андан кийин 42,3 млн сом келип түштү», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде