Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Сырткы видеокөзөмөл тууралуу" мыйзамды күчтөндүрүп, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда да видеокөзөмөл орнотууну сунуштоодо. Аталган мыйзамдын өзгөртүү киргизилген долбоору 30-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

"Сырткы видеокөзөмөл тууралуу" мыйзам боюнча Бишкек жана Ош шаарларында шаар кеңешинин чечими менен коомдук жайларды иштеткен ишканалар жана жеке адамдар видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирген.

Бишкектеги "Ош", "Жунхай" базарларындагы өрттөрдөн кийин соода комплекстеринин, базарлардын аймагында видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирилген нормативдик укуктук актылар киргизилген. Демилгечилер учурда бул актылар менен мыйзамдын ортосундагы дал келбестиктерди жоюу зарылчылыгын белгилешүүдө. Бул нормалар жалпы өлкө аймагында жарактуу болуп саналат.

Былтыр эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулган. Бул жарандык активисттердин нааразылыгын жаратып, мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” деп айтылган.

ИИМдин маалыматына караганда, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өлкөдө жалпы 306 жерге видеокамера орнотулмакчы. Мунун алкагында Бишкектин он чакты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, жүздөй камера коюлган.

Булак: Азаттык