Бул тууралуу 26-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, “Тез жардам” кызматына түшкөн чакыруулар көп болгондуктан дарыгерлер ыкчам медициналык жардамга муктаж тургундарды толук тейлөөгө жетишпей жатышат.
Бир миллионго жакын калкы бар борбор калааны жүздөн ашуун бригада тейлеши керек болсо, азыр 38 мобилдик бригада иштеп жатканы айтылды.
26-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус 70 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1251и көз жумду. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт миңге чукулдады, алардын жүздөйү каза болду.
Бишкектин “Тез жардам” кызматы жумуш кооптуу жана айлык маяна аз болгондуктан көп дарыгерлер иштен кетип жатканын буга чейин билдирген.
Булак: Азаттык