Башкы прокуратура Кыргызстандын президенттигине талапкер болууга арыз берген ишкер Имамидин Ташов үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жиберди.
Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта Имамидин Ташов журналисттер менен жолугуп, өзүнүн ой-максаттары тууралуу айтып бергени, журналисттер ал тууралуу маалымат каражаттарына жарыялашканы тууралуу кабарланган.
«KG групп» ишканасынын кожоюну Имамидин Ташов — 10-январда боло турган президенттик шайлоого катышарын билдирип, Боршайкомго арыз берген талапкерлердин бири.
Ташовдун шайлоо штабы Башкы прокуратуранын бул билдирүүсүнө жооп бере элек.
Башкы прокуратура буга чейин президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Москвада мигранттар менен жолугушуусу боюнча да БШКга кайрылган.
Булак: Элгезит