Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда ар бир жаранды мектепти 11-класска чейин окуп аяктоого милдеттендирүү сунушу айтылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев 26-ноябда кеңешменин жалпы жыйынында сүйлөп жатып мыйзамга кыргызстандыктарды орто жалпы билим алууга милдеттендирүү тууралуу тезисти киргизүү зарылдыгын айтты:

““Ага акча кайдан табылат?” деген ар кандай сөздөр боло берет. Бирок биз балдарыбызды жана кыздарыбызды 9-класстан кийин тарттырып жиберип жатабыз да ар кандай нерселерге! Эгерде милдеттүү десек 11-классты окутуу биринчи кезекте өкмөткө милдет болот. Эң чоң милдет ата-энеде болот. 11-классты бүткөн баланын жеке көз карашы калыптанып калган болот. Ар кандай чакырыктарга туруштук бере алат”.

Осмоналиев азыркы тапта Европа мамлекеттери да билим берүү системасын ушул багытта өнүктүрүүгө аракет жасап, ал эми Жапонияда жогорку билим алууну милдет катары аныктоо сунуш кылынып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда мектептен 9-класстан кийин кетүүгө уруксат берилет. Укук коргоочулар соңку жылдары улан-кыздар колуна паспорт тиер замат чет өлкөлөргө, айрыкча Орусияга мигрант болуп кетип жатканын, көпчүлүгүнүн билими жетишсиз болгондуктан укугу корголбой, түрдүү кыйынчылыктарга көп кабылышарын айтып келишет. 

Булак: Азаттык