Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан дагы 400 атайын оорукана контейнери жана 3 миң тонна буудай жөнөтүлөөрү күтүлүүдө. Андан сырткары, Өзбекстандын колдоосу аркылуу эки жаңы оорукананын курулушу башталат.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келген. 

«Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет», — деп айтылат маалыматта. 

Булак: Элгезит