Автордон: Учурда Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын Президенти болуп иштеп жаткан коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев 1990-жылдардан бери “талыкпаган демократ, бийликке беттеп түз айткан инсан” деген атакка ээ болгон...  

“Люстарция” деген түшүнүк кыргыз аймагына келе  электе, башкача айтканда 2010-жылдан баштап “Мамлекетик бийликти тазалоо (люстрация) жөнүндө” мыйзам кабыл алуунун зарылдыгын жалпы кыргыз элине да, өлкө бийлигине да тынбай какшап айтып, мыйзам жазган Топчукени көпчүлүк “Люстрациянын атасы” деп атаганы  да бекеринен эмес!

Топчукенин идеясын, эмгегин пайдаланган айрым шылуундар “Люстрация” деген аталыштагы коомдорду түзүп, ызы-чуу салып иш да баштап жиберишти. Бирок, алар өз аттарын чыгарып, ар тараптан акча жасашканы менен люстрация боюнча иштеп деле кыйрата алышкан жок..

Мен коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин “Люстрациясыз мамлекет оң жолдо өнүгүүгө түшпөйт!” аттуу дил-маегине (Майдан.kg №38 (473) 14.10.2020. 5-б) карата үн кошуумда люстрация боюнча анын айткандарына баян жасап, жалпы элге жеткирүүгө аракет кылдым:

“ЭМНЕ ҮЧҮН ЛЮСТРАЦИЯСЫЗ МАМЛЕКЕТ ОҢ ЖОЛДО ӨНҮГҮҮГӨ ТҮШПӨЙТ?..”

Бул жөнүндө Кыргыз Люстрациясынын атасы Топчубек Тургуналиев: “Бийликти тазалоо-люстрация кылуу өтө оор жана татаал процесс. Мисалы, 1999-жылдардан башталышында “приватизация” өнөктүгү башталып, ал “прихватизацияга” айланып, нечен ондогон жылдар бою ата-бабаларыбыз жыйнаган байлыктар, кыймылсыз мүлктөр таланып-тонолду. Талагандарды кайра элге кайтаруу болбоду. Жегич кылмышкерлерди камап кайтарып алалы дешсе “мыйзам боюнча мөөнөтү өтүп кетти” деген шылтоо менен акталып кетти. Азыр ошолор жыйнаган байлыктарынын эсебинен чардап жүрүшөт. Эч нерсе кыла албайсың! Люстрация мыйзамы боюнча андай “эскирди, мөөнөтү өтүп кетти” деген түшүнүк жок. Алар мыйзам алдында жогоруда айтылгандай мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу сот жообуна тартылбаганы менен Люстрация мыйзамы боюнча коом алдында бирден аттары аталып, жексур катары тиешелүү реестрлерге киргизилип, кызматтарга шайлануу, дайындалуу укуктарынан биротоло ажыратылат. Тааныш-билиш, жердеш, пара берүү аркылуу кызматка орношуу ыкмасы иштен чыгат. Негизи бул мыйзамды жалпы эл колдойт”,- деп ачык, так баяндама жасаган.

Люстрация мыйзамын даярдаган коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин айтуусу боюнча Люстрация мыйзамы кабыл алынып иштей баштаганда мамлекет сөзсүз оңолуу жолуна түшөт. Себеби жогоруда айтылгандай бийликте тазалануу жүрүп, ичкич-жегичтерге, кылмыш кылгандарга кызматка баруучу жол жабыла тургандыгы белгилүү болду.

Каарманыбыз жөнүндө:

Топчубек Тургуналиев 1989-1990-жылдарда “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” (КДК) уюштуруучуларынын биринен болгон. Ал кыймыл бийликтеги компартияга каршы оппозицияга ачык чыккан.

 Ал 2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөрдө уюштуруучулардын жана башчыларынын бири болгон. Демократия, прогресс, өнүгүп-өсүү ж.б. маселелер боюнча элдик жыйындарда, митингдерде чыгып сүйлөгөн. Уюштуруу иштерин жүргүзгөн, бийликке каршы ачкачылык жарыялаган.  Ага  эл арасында “демократиянын атасы” деген атак ыйгарылган.  

“ЭМНЕ ҮЧҮН 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ЛЮСТРАЦИЯ МЫЙЗАМЫ КАБЫЛ АЛЫНБАЙ КЕЛЕТ?

Эмне үчүн 10 жылдан бери “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация)” мыйзамы кабыл алынбай келе жаткандыгы Топчукенин бул дил маегинде ачык айтылган:

“2010-жылдын 7-апрелиндеги көңтөрүш аркылуу Люстрацияга жол ачалы, үй-бүлөлүк, кландык, трайбалисттик башкарууну жок кылалы дегенбиз. Тилекке каршы ал идеялар эртеси күнү эле бузулуп, тебелене баштады. Бир мисал: Убактылуу өкмөткө удаа ага 22 бөлүм түзүлсө, бизге билгизбей анын 13үнө башчылыкка Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдүк, Роза Отунбаева 8не Таластык туугандарын коюп алышыптыр. Мен ага чейин эле, “анча көп бөлүмдүн кереги жок!” деп каршы чыккам”.

Ошол кезде Топчубек Тургуналиев жазган “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация)” боюнча жазган мыйзам долбооруна Убактылуу өкмөттөгү жогоруда мисал кылынгандар, алардын айланасындагылар катуу  каршы чыгышкан. “Мыйзам долбоорун кийин депутаттар карашат” деп ачык жол беришкен эмес.

Кийин депутат Равшанбек Жээнбековго, “ЖКнын сессиясына алып чык!” деп берилген  Люстрация мыйзамынын долбоору ошондон ары жоголгон.

Себеби бул мыйзам кабыл алынып калса эл-журтка чыккынчылык кылгандар, ичкич-жегичтер, коррупционерлер жана башка кылмышкерлер иштеринен биротоло сүрүлүп жоголмок. Бийликте туруп каршы болуп жаткандардын баардыгы мурда кийин ичип-жегендер, кыныгын алып, дагы деле  бийликке, депутатыкка келгиси келгендер болуп саналат. Жыдыгандардын кызматтык жолун тосо турган Люстрация мыйзамынын аларга кереги жок, тоскоолдук кылышкандарынын негизги себеби дал ушунда!

Каарманыбыз жөнүндө:

Коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев СССР заманында 1980-жылдын ортосунда Москвада докторантурада окуп жүргөндө “Кыргызстан Советтер Союзунан чыгып өз алдынча мамлекет болсун” деген ой-максат менен ал жердеги далай аспиранттарды, докторанттарды, студенттерди чогултуп уюмдашууга үндөгөн.

 1990-1993-жылдарда өлкөдөгү биринчи перманенттик реолюциянын демилгечилеринин жана башчыларынын бири болгон.

Авторитардык бийлик аны “сындырууга”, баш ийдирүүгө далай аракет кылып, акаевдик, бакиевдик бийликтин тушунда саясий себептер менен 3 жолу “кылмыш ишин” ачкан, 6 жолу административдик сот аркылуу соттолгон.

Түрмөлөрдө, саясий сүргүндө 1384 күн отурган. Бирок ал түрмөлөрдө дагы, эркиндикте дагы Кыргызстандын эгемендеги үчүн болгон күрөшүн токтоткон эмес.

“ЛЮСТРАЦИЯ МЫЙЗАМЫ ӨНҮККӨН БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ КАНДАЙ ТААСИРИН ТИЙГИЗГЕН?..”

 Коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Люстрациясынын атасы Топчубек Тургуналиев батышта Люстрация мыйзамын кабыл алгандан кийин ал аркылуу Чехословакия, Венгрия, Польша, Прибалтика республикалары сыяктуу өлкөлөрдөгү кызмат абалынан пайдаланган ичкич-жегичтер, чыккынчылар, саткындар, башка өлкөнүн саясий, диний кызыкчылыгы үчүн иштегендер, коррупционерлер тазаланып, бул өлкөлөр тез өнүгүп кеткендигин  дил-маегинде түшүнүктүү айтып өткөн.

Топчубек Тургуналиев эгерде Люстрация мыйзамын кабыл албасак мурда кызматта иштеп кыныгын алып, ичип-жегендер байлыгын, бийлигин пайдаланып, ар  5-10 жылда тополоңдор кайталанып, ар кандай акцияларды, митингдерди уюштуруп, аракетте турган өлкө бийлигине кысым, басып жасап депутатыкка, өкмөттүн курамына ж.б. кызматтарга өзүлөрү же балдары же жакындары келе бере тургандыгын  баса белгилейт.  

Топчубек Тургуналев бул маегинде булардан тышкары Люстрация – мамлекеттик бийликти тазалоо мыйзамы аркылуу өкмөттө, Жогорку Кеңеште, президенттик администрацияда, областтарда, шаарларда, райондордо айылдык аймактарда быкылдап толгон, бирин бири кайталаган штат бирдиктерин жоюп, экономиканы көтөрүп, коррупциянын уялашы болгон бюрократияга чекит койсо боло тургандыгын ынанымдуу фактылар менен далилдеген.

Ал Люсрация мыйзамын жазганга чейин эле 1991-жылы административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча “Кыргыз Руху” гезитине Кыргызстанга шаар-райондук деңгээлдеги 74 аймактык бирдик, 454 айыл өкмөтү өтө эле көптүк кыларын, 23-24-рай-шаар аймактык бирдик болсо жетише тургандыгын, айыл аймактарын эч кандай кыйынчылыксыз эле 250-300го түшүрсө боло тургандыгын, штаттарды көбөйтпөй ирилештирип, азайтуу зарылдыгын көтөрүп чыккан.

Каарманыбыз жөнүндө:

Ал 2010-жылдагы элдик ревоюциядан кийин кыргыздын гана эмес бүткүл адамзаттын керемет чыгармасы болгон Манаска кайрылып “калган өмүрүмдү Манас дүйнөсүнө арнадым” деп И.Арабаев атындагы университетте Манастаануу институн түзгөн.

Белгилүү журналист Бермет Букашева Топчубек Тургуналиевди “түбөлүк революционер” деп атап жазган.

Сөзүбүздүн аягында Люстрация мыйзамын даярдаган коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин; “Люстрация мыйзамы кабыл алынып иштей баштаганда мамлекет сөзсүз оңолуу жолуна түшөт. Бийликте тазалануу жүрүп, ичкич-жегичтерге, кылмыш кылгандарга, коррупционерлерге кайрадан кызматка баруучу жол жабылат!..”- деген саптар менен аяктоонун ыгы келип турат!

Анаш КАДЫРОВА,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

КТРКнын Байкоочу кенештин мүчөсү.

Булак: "Майдан.kg" газетасы