- Турсунбек мырза, шайлоону токтотуп, референдум өткөрүүгө эмнеге көпчүлүк саясатчылар “Конституция бузулду”- деп  каршы болуп жатышат? Депутаттарды мыйзамды колдоого аргасыз кылган жагдай орун алдыбы?

- Президенттин м.а., премьер-министр С.Жапаровдун шайлоону токтотуп, Конституцияны өзгөртүү сунушун 83 депутат колдоп, жаңы мыйзам кабыл алганы негизинен туура эле болду. Мен билгени депутаттарды эч ким мажбурлаган жок. Бир депутаттан башкасы, баары колдоду. Чынында алтынчы чакырылыштын депутаттарын канча жамандасак дагы тарыхта татыктуу баасын алышы мүмкүн. Анткени, азыр мыйзамдуу орган парламент жана жаңы шайланган өкмөт болуп саналат. Президент кетип, жаңы премьер легитимдүү шайланып, элдин ишенимине ээ болду. Легитимдүү орган болгон парламент конституциялык мыйзам кабыл алып, парламенттик шайлоодон мурун референдум өткөрүүнү колдогон чечим кабыл алышты. Эми аларды сындап, каралаштын кажети жок.

Мен билгени  өмүр бою конституцияны да, мыйзамды дагы бузуп жүрүшкөн саясатчылар жаңы бийликти сындап, мыйзамдуулукту орнотуп, Башмыйзамды түп тамырынан оңдоп, өзгөртүү киргизип алалы деген депутаттардын чечимине каршы болуп жатышат.

- Эмне үчүн парламент ушундай чечим кабыл алды. Эмне үчүн президенттин милдетин аткарып, өкмөт башчысы болгон Садыр Жапаров ушундай чечимге барды?

- Анткени, алар бул кадамга  тез аранын  ичинде референдум өткөрүп, үч маселени чечип алыш керек болгон үчүн барышты. Биринчиси, Кыргызстандын бийлигинин башкаруу формасын эл тандашы керек. Тагыраагы, президенттикпи, парламенттикпи же азыркыдай аралашма башкаруу болобу, ошону чечип алышыбыз керек. Экинчиси, депутаттарды бир мандаттуу  шайлоо жолу менен тандайбызбы же партиялык системаны сактап калабызбы, ошону тактап алышыбыз керек.  Партиялык система менен 11 жылдан  бери жашап көрдүк. Партиялык система кыргыздын кыртышына туура келбесин сездик. Ошондой эле партиялар жөнөкөй эле фирма сыяктуу болуп калганына күбө болдук. Партиялар жалаң кызыкчылыктар үчүн  биригип, идеясына, уставына, концепциясына карап бирикпесин түшүндүк. Ошон үчүн саясатчылар, депутаттар бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткенди адат кылып алышканын көрдүк. Кыскасы, партиялык система менен депутаттарды шайлайбыз деп отуруп, партиялар Кыргызстанды талап-тоноп бүттү. Биз партиялык системага, парламенттик башкарууга даяр эмес экенибизди түшүндүк. Ошон үчүн шайлоодон мурун эл партиялык система менен барганыбыз оңбу же бир мандаттуу шайлоо туурабы, чечип алышы керек. Анткени, Конституцияда бийлктин ээси - эл. Эң негизгиси “бийлик – элде” деп жазылып турат.

Буга чейин бир да президент элден “кайсыл башкарууну каалайсың, кандай система менен депутаттарды тандайлы”- деп  сураган эмес. Ошон үчүн  референдум өткөрүп, башкаруу системасын тактап алып, анан Конституцияны өзгөртүүгө барышыбыз керек. Конституцияны өзгөртүш үчүн кандайдыр бир долбоор талкууга алынып, конституциялык кеңешме түзүлүшү керек. Тагыраагы, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен конституциялык кеңешме түзүлүп, ага түрдүү партиялардын өкүлдөрү, кыймылдардын мүчөлөрү,  коомдук ишмерлер жана улуу, кичүү муундун өкүлдөрү кирип,  улуттук консенсус менен жакшы Конституция иштелип чыгышы керек.

Садыр Жапаровдун даяр Конституцияны алып чыга калам дегени да туура эмес. Анткени, ал өтө коркунучтуу кадам болуп, өзүмчүлдүккө жол берилип калат. Конституцияны катуу талкуулап, эл аралык стандартка алып келип, Курултай институтун киргизишибиз керек.

Баса, Курултай институту керекпи же керек эмеспи деген суроону да референдумга кошушубуз  керек.

- Бирок, шайлоону токтотуудан Конституция бузулду деп чуру-чуу түшкөн   тараптар көбөйдү  го?

- Балким, мындай учурда Конституция бузулушу мүмкүн. Конституцияны бузууга аргасыз мажбур болгон себептер да болгондур. Чынында ушул убакка чейин Конституцияны кимдер гана бузган эмес. Тагыраагы, президенттер, спикерлер, депутаттар, саясатчылар Кыргызстандын шартында баарыбыз Конституцияны бузуп келе жатабыз. Азыр болсо “Конституцияны бузду”- деп ачуу сындар менен сындоо туура эмес. Жаңы бийлик жана депутаттар азыр өтө оор өзгөчө абалда иштеп жатышат. Жаштар толкундап, элдер көчөгө чыгып, Ак үй талкаланып, өкмөт, президент кеткен убакта тезирээк референдум өткөрүп, башкаруу системабызды аныктап,  президент менен парламентти шайлашыбыз керек. Артка жол жок. Ошондой эле “Конституция бузулду” деп кыйкырып жаткандар өздөрү убагында Башмыйзамды бузууга аргасыз болгондорун эстен чыгарбашы керек.

- Кимдер кандай учурда Башмыйзамды бузушканын айтып, аттарын атасаңыз болобу?

- Болот. Мисалы, азыр “Конституция бузулду” деген Адахан Мадумаров өзү канчалаган мыйзамдарды бузган. Баткендеги жерлерди тажиктерге берип жатканда мамлекеттик секретарь кызматында туруп, протоколго кол коюп, Башмыйзамды бузган. Ошондой эле  Каркыраны казактарга бергенде да ошол парламент толугу менен мыйзамды бузуп, элдин кызыкчылыгын тебелеген. Азыр “Конституция бузулду” деп кыйкырып жаткан кээ бир саясатчыларды 2005-жылы түрмөдөн бошотуп чыкканбыз. 5-6 күндөн кийин соттун чечимин чыгартканбыз. Ошондой эле Отунбаева, Текебаевдер башында турган Убактылуу Өкмөт качан мыйзамдуу болду эле? Ал кезде парламент, өкмөт, президент да жок болчу. Өздөрү бийликти алып, Убактылуу өкмөт түзүп, декреттерди кабыл алды. Төрайым шайлап, ал кийин аты бюллетенде жазылбай туруп, президенттикке шайланды. Акчанын баарын оңду-солду чачып, Ош окуясына жол беришти. Кан төгүлдү. Конституция кабыл алынды. Чынында ошондой шартта Конституцияны кабыл алганга аларга ким укук берди эле?

- Ошондо жаңы Конституцияны кабыл алыш үчүн эски Башмыйзамды бузууга аргасыз болобузбу?

- Андай десек да болот. Анткени, “Конституция бузулду”- деген кандайдыр бир деңгээлде туура. Эгер Конституция менен бара турган болсок, аны өзгөртө албайбыз. Конституцияны өзгөртүш үчүн биринчи окуудан кийин 2 ай, экинчи окуудан кийин эки ай убакыт керектелет. Азыр антип жайбаракат жүрө бере турган учур эмес. Азыр өзгөчө кырдаал. Кыш келатат. Элди илдет каптап жатат. Элди багыш керек. Ошон үчүн ызы-чууну токтотуп, элдин күндөлүк турмушун камсыз кылышыбыз зарыл. Элдин бейпилдигине, коопсуздугуна кам көрүп, Конституцияны эртерээк кабыл алып, мыйзамдарды иштетишибиз зарыл.

- Кыргызстанда Конституция качан бузулуп баштаганы эсиңиздеби?

- 1993-жылы 5-майда биринчи Конституцияны кабыл алганбыз. Анткени, иштеп жаткан легендарлуу парламентти 1993-жылы Акаев алтынды шылтоолоп, кворум болбой калды деп  таратып жиберген. Акаев конституциялык кеңешме түзүп, анан Конституция кабыл алганбыз. Ошондон  баштап, Конституция бузула баштаган. Тагыраагы, референдум өткөн сайын Конституция бузулат. 95-96-2002-жылдары өткөн референдумда дагы Конституция бузулган. Азыркы саясатчылардын баары Башмыйзамды бузууга катышып же башында туруп келген. Конституция бузулуп, өйдө-ылдый болот. Ага маани бербей, туура жолду тандап алууга ашыгышыбыз керек. Эгерде биз Конституцияны өзгөртпөй туруп, шайлоо өткөрө турган болсок, анда партиялык система ушул бойдон эле калып, партиялык система менен келген партиялар башкаруунун түрүн  жана депутаттарды шайлоо системасын өзгөртпөй коёт. Ошон үчүн Конституция бузулду дебестен азыртадан өзгөртүшүбүз керек.

- “Конституция бузулду” деп безилдеген саясатчылар чындап күйүп-бышып жатабы же жаңы бийликке бут тосуп жатышабы?

- Азыркы конституциялык реформаны сындап жаткандар Конституцияны одоно бузуп, кыргыздын жерин башкаларга берип жиберген учурлары  болгон. Ошол кездеги бийликке кошомат кылып, депутаттардын оозун жапкан. Азыр күйүп атканына рахмат. Бирок, мурун неге мынчалык күйүшкөн эмес деген суроо жаралат.

- Чындап эле азыр кыйкырып, күйүп-бышып жаткандар мурда эмнеге “Конституция бузулду” деп мынчалык чыркырашкан эмес?

- Анткени, айрымдарынын партиясы 7 пайыздык тосмодон өтүп кеткен.  Алар бийлик алмашпаса депутат болуп калмак. Конституция өзгөрбөй партиялык система иштеп турса, азыр да депутат болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер Конституция өзгөрүп, референдум болсо, бир мандаттуу шайлоо системасына өтсөк, партиялары жоюлуп, депутат болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн Конституция бузулду деп бийликке келбей калабыз деп жанталашып, жеке кызыкчылыгынын баарынан жогору коюп жатышат. Тагыраагы, кыйкыргандардын баарынын максаты бийликке келүү. 5-октябрда баарынын бети ачылды. Баары премьер, баары министр болгусу келээрин көрсөтүп алышты. Карыларды кой, жалындаган жаш балдар да министр болом деп төш кагышты.

- Турсунбек мырза, айтканыңызга ынаналы. Балким, Адахан Мадумаров Садыр Жапаровду “кайнап турган сууга түшкөнү жатат”- деп көрөгөчтүк кылып жаткандыр...

- Биринчиден, Садыр Жапаров элдин үнүн угуп жатат. Анткени, ал бийликке азыркы парламенттин же кеткен президенттин аркасы менен эмес, элдин колдоосу менен келди. Азыркы парламент түштөн кийин гана нотариалдык орган катары документалдуу жактан тууралап, жеңилгенин мойнуна алып, үчүнчү жолку жыйында премьер-министр катары аргасыз бекитти. Биз миңдеген адамдар 30 жылдан бери “Курултай институтун киргизели, башкаруу системасын президент же парламент эмес, эл чечсин”- деп какшап келе жатабыз. Малайзиядан Кыргызстанга учуп келген Азимбек Бекназаров кайрылып жатат. Курултайдын аткаруу комитети 4-5 жолу курултай өткөрүп, мыйзамдарды кабыл алууга аракет кылдык. Курултай институтун киргизүү боюнча тегерек үстөлдөрдү өткөрдүк. Миңдеген адамдар келип, курултайдын туусун көтөрүп турду. Жээнбековго маселени кабыргасынан койдук. Курултайдын мыйзамын иштеп чыгуу боюнча атайын уюштуруу комитетин түздүк. Кыскасы, Курултайдын аткаруу комитетинин мүчөлөрү Садыр Жапаровго да түрдүү каналдар менен чыгып айтып жатабыз. Митингге чыккан жаштар дагы “партиялык система жоюлсун, курултай институту ишке кирсин”- деп талап кылышты.

- Баса, БШК неге шайлоо өткөрүү боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга аракет кылып жатат?

- БШК мыйзамдын негизинде ушул жылдын 20-декабрына шайлоо күнүн аныктаган. Бирок, депутаттар конституциялык мыйзам кабыл алып, президент кол койгондон кийин Башмыйзамды өзгөртүү аракетин башташкан. Парламенттик шайлоодон мурун Конституцияны өзгөртүп, парламенттик шайлоону өткөрүүнү пландашканына карабай БШК шайлоону даярдады. Активисттер, айрым партиялар сотко кайрылып, шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгартып салды. Эми БШК кайрадан сотко кайрылабыз деп жатыптыр. Чынында БШКнын бул аракети мыйзамга каршы келет. Сотко кайрылса кайрылсын, бирок соттон утулат. Анткени, президенттин милдетин аткаруучу мыйзамга кол коюп, Конституцияны өзгөртүү маселеси жүрүп жатат.

Булак: "Майдан.kg" газетасы