- 5-6-октябрдагы окуялар, анан бийликтин алмашуусу Сиз үчүн күтүлбөгөн нерсе болдубу  же өлкөдөгү саясый, социалдык кырдаалдын өнүгүүсүнө ылайык сөзсүз боло турган көрүнүш беле?

- Кокустуктан болду деп айтканга негиз жок. Анткени, көптөгөн саясатчылар, айрым серепчилер, мурда мамлекеттик кызматтарда иштеп келишкен Каныбек Осмоналиев  сыяктуу адамдар ЖМКларда шайлоо кампаниясында мыйзам бузуулар өзгөчө көбөйүп кеткендигин, аларга карата тийиштүү органдар жетиштүү чараларды көрбөй жатышкандыгын, добуштар алдын ала эле сатылып кеткендигин, талапкерлердин арасында  жемкорлор, түркөйлөр, кылмыштуу чөйрөлөргө аралашкандар, маданиятсыздар көп экендигин, №2-форма добуштарды бурмалап, шайлоонун жыйынтыгын бийликтегилер өздөрү каалагандай өкчөө үчүн киргизилгендигин, аны аркасы менен 500 миң добуш бийликчил партиялардын чөнтөктөрүнө түшө тургандыгын тынчсыздануу менен айтып жатышты. Чындыгында эле ошондой болду. Жогорку кызматтарга коюлган кадрлардын айрымдары да нааразылыктарды жаратты, көрөңгөлөрү ошо беле же таза иштегилери келбедиби, алар тез эле жыдып кетишти. Ага бажачыл премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри сыяктуулар мисал.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында күндөн күнгө начарлап бараткан саясый кырдаал боюнча көп сындар, абалды оңдоо боюнча сунуштар айтылган менен аларга көңүл бурулбады. Шайлоо алдында жер-жерлерде бардыгы болуп, 170ке жакын мыйзам бузуулар катталса, алардын бири боюнча да жетиштүү чара көрүлбөдү. Терс көрүнүштөр жөнүндө айтылып, алар көз алдында турса да ажо “фактыңарды бергиле” дегенден башка  сөз айталбады. Андай фактылар “Азаттыкта” ж.б. ЖМКларда күн сайын айтылып, жазылып, интернетке чыгарылып жатты. Анын айынан сабалгандар, куугунтукталгандар болду. Элдин үнүнө, талабына өз убагында реакция жасалбагандыктан, мына ушулардын баары жыйылып отуруп, 5-6-октябрдагы окуяларга алып келди. Мен үчүн ал күтүүсүз болбоду. Оюмдагыларды кээде ЖМКлар аркылуу билдирдим, ажонун өзүнө кирип айтайын десем, кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болбоду.

- Кыргызстандагы саясый абалды тополоңдорго, өрттөп, кыйратууларга жеткирбестен алдын алса, же бийликти тынч жол менен өткөрүп берсе болот беле?

- Эгерде 5-октябрда нааразы болгондор Ала-Тоо аянтына чыгып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, президенттин эл алдына келип өз позициясын билдирүүсүн талап кылып жатканда ал аянтка барып, элди колдоорун же ыктыяры менен отставкага кетээрин билдирсе, маселе тынч жол менен эле чечилмек. Ал 5-октябрда эл алдына чыга албады. Президенттин атынан пресс-катчысы Толгонай Стамалиева гана билдирүүлөрдү таркатып турду. Калган жетекчилердин деле кайда экендери билинбеди. Стамалиева 6-октябрда президент өз ыктыяры менен отставкага кеткенге даяр экенин  билдирсе, кийин президентке кирип чыккандар өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн жаңы президент шайлангыча иштеп турушу керектигин  айтышты. Ал гана эмес айрым депутаттар президент өз мөөнөтү аяктагыча иштеш керек дешти. Андай карама каршы билдирүүлөр абалды биротоло курчутуп жиберди. 5-октябрда президент эл алдына чыкканда  6-же 7-октябрда ошол учурдагы спикер менен премьер-министрдин отставкасын кабыл албай, өзүнүн отставкага кеткенин билдиргенде, бардыгы мыйзам нугунда эле чечилмек. Мыйзамдык тилкеден бир чыгып кеткенден кийин кайра ага түшүү  кыйын боло тургандыгын азыркы абал көрсөтүүдө.

- Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бир айлык мөөнөттө экономикалык мунапыс жарыялап, андан кийин кирешелерин жашырып, салыктан качкандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. Мындай мунапыстар мурда КМШдагы өлкөлөрдүн көбүндө болгон, Грузиядан, Казакстандан башкаларда жарытылуу  натыйжасын бербеген. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кылмышкерлерге: “коомго жат иштериңерди токтоткула же өлкөдөн чыгып кеткиле, болбосо баарыңарды  жазалайбыз” деген ультиматум койду, аны аткара да баштады. Мына ушундай  жакшы демилгелер жакшы каалоо-тилектер бойдон калып калбастан толук ишке ашырылышы үчүн кандай чараларды көрүү  керек? Деги эле Сиз булардын ишке ашуусуна ишенесизби?

- Мындай экономикалык мунапыстар Бакиевдин, Отунбаеванын убагында бизде да болгон, бирок алар ишке ашпаган, күткөндөй натыйжа берген эмес. Анткени, алар өздөрү  жарыя кылгандардын аткарылышын көзөмөлдөшпөгөн, ага кызыгышпаган. Садыр Жапаровдун экономикалык мунапысын, Камчыбек Ташиевдин кылмышкерлерге карата ультиматумун туура деп эсептеймин, ага ЖМКлардын аябай чоң көңүл буруп, чагылдырып жатышкандары да жакшы. Жемкорлорго, мыйзамсыз киреше тапкандарга талаптар так, конкреттүү коюлду. Бир айдын ичинде мыйзамдуу суммаларды төккүлө, төкпөсөңөр андан кийин мажбурлаганда төгөсүңөр деп ачык айтылды. Жөнөкөй адамдарга  бийликтин ушундай кыйшаңдатпай түз сүйлөп, чечкиндүү чараларды көргөнү  жагат. “Талаптар тез эле ишке ашат, аны көрөсүңөр” деп Камчыбек Ташиев айтты эле, чын эле эки-үч күндүн ичинде  Райым Матраимов, Камчы Көлбаев кармалып, тергеп-тескөө иштери башталды. Аягына чейин мына ушундай чечкиндүүлүк, ачыктык болсо, ал натыйжасын берет. Бирок, мындай операциялар эл арасында бүдөмук ойлорду жаратып, оюн, соодалашуу катары да кабыл алынууда.

Азыр өлкөбүздүн экономикалык, каржылык абалы абдан оор. Сырткы карыздарды төлөөнүн да эң оор мөөнөтү башталды. Сырткы карыздарды тейлегенге эле жыл сайын бюджеттен билим берүү тармагына бөлүнгөндөй каражаттар кетүүдө. Мындай учурда көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу, жемкорлорду кустуруу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, таңсыктыкты азайтканга чоң жардам болот. Адистер, серепчилер Кыргызстандын экономикасынын 40-50 пайызы көмүскөдө деп жатышпайбы. Ал оңой сумма эмес. Ал негизинен туура, бизде менчик ишканаларда кош эсеп-кысап жүргүзүлөрү, аларга салык кызматкерлери да аралашкандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ресторан-кафе, автожүргүнчүлөрдү тейлөө, жеңил өнөр жайы, туризм, рекреациялык эс алдыруу сыяктуу тармактардын дээрлик бардыгында ошондой. Бир мисал. Бизде быйылкы жылга чейин Кыргызстанга келген туристтердин саны  өсүп жаткандыгы айтылып, жазылып келди. Пансионат, санаториялардын жана эс алуу үйлөрүнүн сандары көбөйүүдө. Бирок, ал тармактан түшкөн салыктар, милдеттүү чегерүүлөр өскөн жок. Демек, тармактагы кирешелердин көбү жашырылууда, көмүскөдө. Эң жаманы, көмүскө экономикада табылган кирешелердин көпчүлүгү жергиликтүү банктарга да салынбайт, офшордук зоналарга чыгарылып кетилет же жер төлөлөрдөгү сейфтерде сакталат.

Экономикалык мунапысты, жемкорлорго карата ультиматумдук талаптарды ишке ашыруу абдан кыйын, бирок аткарбагандан башка арга, жол жок. Биринчиден, ал  элдин талабы, экинчиден, бюджет толтурулбаса, дефолтко тушугуп калганы турабыз. Президенттик, парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, бийлик бутактары биротоло легитимдештирилмейинче сырттан жардам да келбейт, эч ким грант, кредит да бербейт. Ага чейинки кыйынчылыктардан бир жолун таап, өз күчүбүз менен чыгышыбыз керек.

- Азыр Топчубек  Тургуналиев баштаган бир катар саясатчылар, партиялардын жана жаштар топторунун жетекчилери “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө” мыйзамды кабыл алып, аны ишке ашыруу маселесин көтөрүшүүдө. Ал убагында Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн көбүндө ишке ашырылып, жакшы натыйжаларын берген  экен. Бул маселе боюнча Сиздин оюңуз, көз карашыңыз кандай?

- Сен айткандай бир катар өлкөлөрдө Люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ал  кардиналдуу сот реформасы  менен биргеликте ишке ашырылган. Же судьялардын дээрлик баардыгы алмаштырылган. Люстрация боюнча талаш маселелер келип чыкса, баары бир ага сот чекит коёт.

Топчубек Тургуналиев люстрация маселесин 2010-жылдан бери көтөрүп келатат. Ал маселе боюнча убагында мен да сунушумду Роза Исаковнанын өзүнө кирип айткам. Люстрацияны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү колдошкон эмес, анткени ага баары болбосо да көпчүлүгү кирип кала тургандыгын билишкен. Аны 2010-жылдын 10-октябрында шайланган парламент да колдободу, алардын арасында да  “прихватташтырууга” аралашкандар, жемкорлор аз эмес болчу. Кийинки  парламенттер деле алардан кескин айрымаланбады. Азыр деле ага каршылар жетишерлик. Бардык маселе: “люстрацияга кимдер киргизилет? Анын сын-ченемдерикандай болушу керек?”- дегенден келип чыгат. Эгерде максималдуу талаптар коюлса, ага Кыргызстанда жетекчи болуп иштеп  келгендердин 70-80 пайызы кирип калганы турат. Ошондуктан президенттин Жарлыгы менен коомдо ишенимге ээ,  эң таза, калыс, укуктук билимдери бар адамдардан  комиссия түзүлүп, алар Люстрацияга кимдер киргизиле тургандыгы жөнүндө сын-ченемди иштеп чыгуулары керек. Ага шашылуунун кереги жок. “Шашкан-шайтандын иши” болуп, кокус чоң каталыкты кетирип алып, кийин бармагыбызды тиштеп  жүрбөйлү.

- Эски парламенттин мөөнөтү кийинки парламенттик шайлоого же 1-июнга чейин узартылды. Аны айрым саясатчылар: “бийликти узурпациялоо, парламент 5 жылга эле шайланат, азыркы парламенттин мөөнөтү ушул жылы 28-октябрда аяктайт, андан ары 6-чакырыштагылардын бир күн иштегенге да укуктары жок”- дешүүдө. Президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөрүүдөн мурда референдум аркылуу  Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, башкаруунун формасын аныктап алышыбыз керек деген демилге да көтөрүлүүдө. Айрымдар азыркы бийликтегилердин  референдумду дайындаганга укуктары жок дегенди айтышууда. Биз ишенимдүү  укуктук талаага качан, кантип түшөбүз?

- Чынын айтканда Башмыйзам бузулбаш керек эле. Тилекке каршы, бузулду, бузулуп жатат. Алардын баары азыркы парламент аркылуу ишке ашырылууда. Бирок, Башмыйзам перманенттүү бузула бербеши, Кыргызстан ишенимдүү укуктук  мейкиндикке түшүүсү керек. Азыр бийликтегилер биринчи Конституциялык реформаны жүргүзүп, башкаруунун формасын аныктап, Башмыйзамга дагы бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип алып, анан президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөрөбүз деп жатышпайбы. Чындыгында  парламенттин ыйгарымы 28-октябрда аяктайт. Баш мыйзамдын 70-беренесинин 2-пунктунда “Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча  5 жылдык  мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат” деп так эле жазылып турат. Анан 71-берененин 3-пунктунда “Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып  мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат”- деп көрсөтүлгөн. Мына ушул эки беренеде ички карама-каршылык катылып (заложено) турбайбы. Тилекке каршы, Башмыйзамда азыркыдай кырдаалды жөнгө салган норма  жазылган эмес. Парламенттин  ыйгарымдарын узартып жиберүү жөнүндө норма да эч жерде жок. Ушундан пайдаланып, аны ар ким өзү каалагандай чечмелөөдө. Бирок, менин көз карашымча, “парламент 5 жылга гана шайланат”- деген  негизги норма. Шайлоочулар 5 жыл үчүн добуш беришет. Өлкөдө өзгөчө абал болсо гана, ал аргасыз узартылышы  мүмкүн. Анда убактылуу Башмыйзамдын күчү токтотулуп турулат. Бирок, азыр өлкөдө өзгөчө абал жок болгондон кийин “парламент 5 жылга гана шайланат” деген Конституциялык талап сакталышы, аткарылышы керек. Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын “биз 1-октябрдан тартып айлык албай эле иштей беребиз” дегендери да мыйзамсыз. Популисттик чечим. “Анда алар кандай кызыкчылыктардан  жана максаттардан улам айлыксыз иштеп жатышат?”- деген суроо жаралат.

- Азыркы бийликке алыскы, жакынкы өнөктөштөр сыртын салып турушат. ЖККУнун саммитине  чакырышпады. Эч ким жетекчилерибизди  куттуктабады  же  жакшы каалоолорун айтышпады. Россия каржылык жардамын токтотту. Эми кошуналар, өнөктөштөр менен саясый, соода жана экономикалык мамилелер кантип жөнгө салынат деп ойлойсуз?

- Бул өтө татаал маселе. Бийлик күч менен алмашканы алыскы, жакынкы өнөктөштөргө жакпайт, аларды чоочутат, иренжитет. Мурдагы мамилелерди калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат, аракет керек. Аракет болуп жатат. Р.Казакбаев ЖККУнун катчысы Зайцев, Россиянын тышкы иштер министри Лавров менен  жолугушуп, мамилелерди калыбына келтирүүнү сүйлөштү. Айрым чектөөлөр эле болбосо, кошуналар менен мамилелер мурдагыдай эле. Акырындап жөнгө салынып, алыскы, жакынкы өнөктөштөрүбүз менен мамилелерибиз мурдагыдай эле иштиктүү  жолго коюлат деп ойлоймун.

- Мурдагы президент парламенттик шайлоо аяктары менен административдик-аймактык  реформаны баштоого убада берди эле. Бул маселе азыр да курч коюлууда, зарылдыгы айтылууда.  Бул маселе боюнча оюңуз кандай?

- Бул маселе боюнча Топчубек  Тургуналиев конкреттүү сунушун берген. Башкалар да сунуштарын айтышкан. Аларга мен толугу менен кошуламын. Чындыгында эле Кыргызстан үчүн 7 облус, 74  район-шаар, 454 айыл өкмөтү көптүк кылат. Азыр облустардын, райондордун  жетекчилери эч нерсени чече  алышпайт. Бюджеттери да жок. Мекеме-уюмдарды, ишкерлерди аңдып эле отурушат. Алар көптөгөн түзүмдөрү менен статисттердин гана милдеттерин аткарышууда. Облустарды жоюп, район шаардык административдик бирдиктерди, айыл өкмөттөрүн эки эсе кыскартуу  керек.  Кыргызстандагы 67 айыл аймагы бир эле айылдан турат экен. Аларга кошуна айылдарды кошсо болот. Ал  эми эли чачкын, жер шарты оор айыл аймактарын караштыруу керек. Он жети-он сегиз айылдан турган айыл аймактары да бар.

Техника, байланыш жок убагында деле Кыргызстанда жыйырмага жетпеген эле район болгон. Азыр суроо-талаптардын, уюштуруу иштеринин  көбү интернет, электрондук почталар аркылуу эле чечилип калды. Айрым Чаткал, Тогуз-Торо, Чоң-Алай, Ак-Талаа  сыяктуу райондордун аттары эле бар, заттары бир айыл аймагындай эле. Калктарынын саны жыйырма миңдин эле айланасында. Ал эми айрым Сокулук, Нариман, Сузак, Базар-Коргон сыяктуу айыл аймактарынын 35-40 миңден калкы бар. Бирок, майда район-шаарларга деле чоң райондордогудай  салык башкармалыгы, финансы, райсобес, ички иштер, билим берүү  бөлүмү, сот, прокуратура, соцжардам сыяктуу толгон-токой түзүмдөр иштеп, чоң райондорду кармагандай эле чыгымдар  жумшалууда. Облустар жоюлуп, райондор, айыл аймактары ирилештирилсе, көптөгөн каражаттар үнөмдөлөт, бюрократиялык көрүнүштөр азаят.

- Азыр Кыргызстандын тышкы карызы 4,8 миллард долларга  жетти. Тышкы карыздарды тейлөө үчүн жыл сайын 25-30 миллиард сом жумшалууда. Ал дагы көбөйүп, 2023-2026-жылдарда жылына 35 миллиард сомдон кеткени турат. Азыр  элден акча, баалуу темирлерди чогултуп, сырткы карыздарды төлөөгө жумшоо  керек  деген да сунуштар болууда. Бул тууралуу эмнелерди айтасыз?

- Бул маселе Акаевдин убагында да көтөрүлгөн. Бакиевдин  убагында ХИПИК чыгып, эгерде  Кыргызстан бир  катар эл  аралык  талаптарды аткарса, сырткы карыздарынын бир бөлүгү кечилет деген талап коюлган. Ал ишке ашпады. Бир нече  жыл мурда депутат  Камчыбек Жолдошбаевдин сунушу менен сырткы карыздарды төлөгөнгө акча чогултуу  үчүн атайын эсеп да ачылды эле, бирок жарытылуу эч нерсе түшкөн эмес. Азыр деле бир нерсе түшөрүнө көзүм жетпейт. Элдин көпчүлүгү “карыздарды ким жесе, ошол төлөсүн, мен өз тиричилигимди араң өткөрүп жатам” дейт. Бирок, оозубузду куу чөп менен аарчый бербейли, эл арасында мамлекетке жардам кылганга чама-чарктары барлар жетишерлик.

Орозонун алдында пандемияга байланыштуу элге “Акипресс” маалымат  агенттиги аркылуу кайрылуу жасап, атайын ачылган эсепке 100 миң сом котордум. Тиричиликтери меникиндей, меникинен жакшылар толуп жатат. Кыргызстанда 6,5 миллион адам болсо, болжолумда алардын 500 миңдейинин мамлекетке аздыр-көптүр жардам кылганга мүмкүнчүлүктөрү жетишет. Алардын 250 миңдейи 10 миң, 150 миңдейи 100 миң, 80 миңдейи 1 миллион, 20 миңдейи 2 миллион сомдон которушса, жалпысынан 100 миллиард сомдон ашык каражат чогулмак. Олигархтардын мүмкүнчүлүктөрү миллиондогон долларларга деле жетет. Негизинен  сырткы карыздарды элден акча чогултуу аркылуу эмес, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, алардын экология, билим берүү жана геосаясат, демократия  ж.б. боюнча айрым талаптарын аткаруу аркылуу карыздарды кыскартуу жөнүндө макулдашууларга же реструкциялоого  жетишсе болот.

Мамлекет каржылык жактан кыйналганда, ири долбоорлорду ишке ашырганда өз кепилдигинде 10-15 жылдык баалуу кагаздарды чыгарып сатуу же ири кен байлыктардын бирин концессияга берүү аркылуу кыйынчылыкты жеңилдетүүсү дүйнөлүк тажрыйбада мурдатан келаткан көрүнүш. Алсак, Тажикстан аларды кеңири колдонууда. Дүйшөмбү шаарындагы  жылуулук борбору бир алтын кенин концессияга берүү аркылуу курулду. Рогун ГЭси баалуу кагаздарды сатып, элден акча чогулткандын эсебинен курулууда. Эл  чындап кызыга турган лотереяларды кеңири масштабдарда  ойнотуп да каражат топтосо  болот. Анан ички резервдерди караштыруу зарыл. Маселен, президенттик, өкмөттүк аппараттарга, Жогорку Кеңешке, Иш башкармалыкка бөлүнгөн чыгымдарды эч кандай кыйынчылыксыз эки эсеге азайтса болот. Иш башкармалыкка аябай көп акча  бөлүнөт, айткандан уяласың.

Мен үч жолку чакырылышка депутат болдум, алардын ички сырларын жакшы билем. Аларда квартал сайын, негизги майрамдарда сыйлыктар берилет, дарыланганы үчүн, фондудан үнөмдөлгөнү үчүн деп да төлөнөт. Уюлдук телефондордун кызмттары үчүн да акча каралган. Азыркыдай оор мезгилде аларды, кайталама штаттарды кыскартып, карыздарды төлөөгө багыттоо керек. Башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда деле ички резервдер жетишерлик. Бир сөз менен айтканда, белди бекем бууп, мүмкүн болгон жерлердин баарында үнөмдү күчөтүп, бюджетти толтурууда чечкиндүү чараларга бармайынча абалды оңдой албайбыз.

- Президенттин, өкмөттүн аппараттары бири-бирин кайталашат. Булардын бирин эле калтырса болбойбу?

- Эгерде президент Англиянын королевасындай  функцияда калса, ага аппараттын эмне кереги бар? Кичинекей канцелярия эле жетишет. Кокус президент Конституциялык реформада өкмөттү да жетектей турган болсо, анда өкмөттүн аппараты эле калтырылышы керек.

Азыр бизде кабыл алынган чечимдер үчүн жооп бергидей эч ким жок. Өкмөт жылда алмашат, анын, өлкөнүн бардык тармактары үчүн жооп бере турган органдын бир депутаттыкынча да иммунитети  жок.  Фракциялар эрмектеп, тепкилөөчү гана орган. Баш мыйзамга ылайык, Президенттин чарбалык, социалдык  иштерге кийлигишкенге укугу жок. Айрым кадрларды дайындап, иштен алып отура берет. Парламент  мурдатан эле эч нерсеге жооп бербейт. Баш мыйзамды реформалаганда конкреттүү жоопкерчилик бир органга жүктөлүшү, анын укуктары, ыйгарымдары күчөтүлүшү  керек.

- Парламентке өтүүнүн босоголук  чеги 3 пайызга, күрөө  акчасы 1 миллион сомго түшүрүлдү. Депутаттардын сандарын азайтуу, башкаруунун формасын  өзгөртүү боюнча да ар кандай сунуштар айтылууда. Бул маселелер  боюнча ойлоруңуз, сунуштарыңыз?

- Ар ким өз ойлорун, сунуштарын айта берсе болот, бирок  бул маселелерди эл гана чечиши керек. Анткени, булар тагдыр чечүүчү маселелер. Башкаруунун формасы жөнүндө айтсам, парламенттик башкаруу туура эле. Анда кайчы пикирлер айтылат, талкуулар болуп, элдин пикири эске алынат. Бизде Башмыйзамда парламенттик башкаруу деп жазылган менен ал таптакыр ишке ашпай жатпайбы. Президент  түздөн-түз жалпы эл тарабынан шайланып, алты жылдык кол тийгис укук алат, ал эми өкмөт  3-4 фракциядан турган коалиция аркылуу түзүлүп, ал алсыз болуп калууда. Парламенттик башкарууну де-факто бекемдөө үчүн президенттин укуктарын чектеп, ага Англиянын королевасындай  сыйлыктарды ыйгаруу, мыйзамдарга кол коюу сыяктуу  ыйгарымдар гана калтырылышы керек. Ошондо гана парламенттик башкаруу ишке ашат, антпесе өкмөт да, парламент да президенттин тебелендисинде кала берет.

- Бизде парламентти, өкмөттү алсыздандыруу саясаты  жүрүп жатпайбы. Азыркы босоголук чекке ылайык, парламентке 10-11 партия өтүшү да мүмкүн. Анда парламентаризм базарга айланып, ызы-чуулардан, тытышуулардан башы чыкпай  жатып калат. Анда өкмөт бир жылда 2-3 жолудан алмашуусу  да мүмкүн. Демократиялуу өлкөлөрдө парламентке 2-3 , ашып кетсе 3-4 партия эле өтөт. Алардын көпчүлүк добушка ээ болгону өкмөттү түзүп, лидери  өкмөттү гана эмес, кыйыр түрдө парламентти да башкарат. Ошон үчүн аларда өкмөт күчтүү, ишенимдүү. Бизде босоголук чекти төмөндөтпөстөн жогорулатуу керек болчу. Чимкирик парламент Кыргызстандын мойнуна дагы бир ашыкча баш оорууну , өлкөнү артка тарта турган  “тегирмендин ташын” илип кеткени жатат. Бул  “мина”  Кыргызстанда  дагы бир саясый жарылууга алып келбейби? 

- Азыркы босоголук чек менен  алганда парламентке сен айтканча партиянын өтүшү толук мүмкүн. Алардын ичинен жанагы элге жек көрүндү болгон үч партия көпчүлүк добуштарды алып кетиши да ыктымал. Анда элдин дагы нааразылыгы жаралат. Бул жагы опурталдуу болуп турат.  Ошон үчүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларын эмки парламенттик шайлоого катыштырбоо боюнча  чаралар көрүлсө  же өз ыктыярлары  менен алар шайлоого катышуудан баш тартышса туура болмок. Эгерде президенттик башкаруу тандалып алынса, анда ушул убакка чейинки парламентаризмди өнүктүрүүгө болгон аракеттердин, өзгөчө шайлоого катышкан 16 партиянын, шайлоого катышпаган партиялардын бардыгынын эмгектери текке кетет.

- Пропорционалдык система партиялык коррупцияны гана өнүктүрдү. Мажоритардык системадагы шайлоого кайтышыбыз  керек деген ойлорга кандай карайсыз?

- Чындыгында депутат шайлап жатканда эл өзү ар талапкерди көрүп, байкаштырып, салмактап тандап, анан өз үндөрүн, талаптарын ошолор аркылуу жогору жакка жеткирүүсү керек. Ансыз депутатты эл өкүлү деп айтканга болбойт. Азыркы парттизмедеги шайлоо деген бир короо койду дүңүнөн саткандай эле болууда. Тизмедегилердин көпчүлүгү кимдер, алар эмнеге жөндөмдүү экенин эл билбейт. Айрым райондордон бир да депутат жок, айрым райондордо ондон болуп калууда. Депутаттар кайсыл райондон көп болсо, ошол жерге инвестициялар, колдоолор көбүрөөк келет. Кадрлар көп өстүрүлөт. Биз депутаттар элдин тыгыз элегинен өтө турган форманы тандашыбыз керек. Ал эми депутаттардын саны 90 болсо, алардын 45и же 60ы бир мандаттуу округдар, 45и же 30у парттизмелер аркылуу шайланса, оптималдуу  болмок деп ойлойм.

Эми жыйынтыктап айтканда, азыркы бийликтин башчылары тарабынан жарыя болуп, убада калынгандар аягына чыгарылышы керек. Алар - азыркы бийликтин абийири, жүзү, келечеги. Анан кадрларды жайгаштырууда меники-тигиники, бул көчөдө жакшы кыйкырды эле, тигил Ак үйдү же кампаны жакшы өрттөдү эле дебестен  аймактык баланстарды эске алуу менен тажрыйбасына, жөндөмүнө, инсандык сапаттарына карап гана тандоо керек. Антпесе  тез эле  мурдагылардын  жолуна түшүп, өздөрү кыйын абалга туш болуп калуулары  ыктымал.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Булак: "Майдан.kg" газетасы