Ушул жумада ички иштер министрлигинин мыйзамсыз маңзатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өлкөбүздүн түштүк аймагында ири суммадагы маңзатты ташуу менен шугулданган топту колго түшүрдү.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө Тажикистан Республикасынан афган түспөлүндөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип 43 жана 48 жаштагы Лейлек районунун жашоочулары кармалган. Алар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Андан сырткары, кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган.

Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Көмүскө базарда жогорудагы алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 70 миң АКШ доллар турат.

Булак: "Майдан.kg" газетасы