Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу 26-октябрда  анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди  26-октябрда УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушту. Ошондой эле адвокат Жоошев А.Атамбаев ачкачылык акциясын баштаганын, ушундан улам абалы начар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, мурдагы президент жайгаштырылган жертөлөдө көптөн бери эч ким болбогондуктан, жылуулук жаңы гана берилди, камеранын эшиги ачык, канализациясы иштебейт.

Бул жагдайга байланыштуу азыр А.Атамбаевдин достору менен душмандары социалдык түйүндөрдө ар кандай пикирлерин айтышууда. Кээ бирөөлөр боору ооруп, жаңы бийлик мындай кадамга барбаш керектигин айтышса, айрымдар ага бул да аздык кыларын жазышууда. Чын эле, Атамбаев алты жыл президент болуп турганда кыргыздын далай жигиттерине жок жерден айып тагып, уруп-сабатып, каматып, ага да моокуму канбастан, ал жактагы башкесерлерине моюнун кестирип, жалпы элге жарыя кылгандан тартынбаган канкор болгондугун биз айтпасак да, тарых тастыктап турбайбы.

Ал эми “мыйзамдагы ууру” А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, аэропорттон кызыл килем менен бастырып өз мекенине узатуу операциясынын башында өзү тургандыгы ашкереленип, 11 жылга эркинен ажыратылганда да күнөөсүн мойнуна албай, 6-октябрда жасоолдору аркылуу Ак үйдү талкалатып, өрттөтүп, эски досун бийликтен кулаткандыгы үчүн жалпы кыргыз эли бетине түкүрүп отурат.

Булак: "Майдан.kg" газетасы