Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-Президентинин статусу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти мыйзамда каралган бардык ченемдерди сактап калат.
Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Булак: reporter.kg