Отставкасынын алдында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алган. Бул тууралуу жарлык бүгүн, 16-октябрда “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган.

Жекшенкулов КРдин Греция менен Черногориядагы посол кызматын аткарган.
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бийликтен кетиши тууралуу билдирүү жасады.

Булак: govori.tv