Анысын азырынча так билбейбиз. Бирок тар чѳйрѳдѳ, анан ЖК депутаттыгына талапкерлер арасында ушундай сѳздѳр күбүр шыбыр деңгээлинде жүрүүдѳ. 

Анда айтылгандарга ишенсек, эгерде Жогорку Кеңештин жаңы курамынын ишмердиги  Акүйдүн 7-кабатынын купулуна толбой, фракциялардын ынтымагы жок болуп, башкаруудан чыгып кетчү болсо, анда Жогорку Кеңеш  2 жылдан кийин мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатылышы ыктымал экен. Бул биринчи кезекте 2023-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу экендиги айтылууда. 
Мындай имиш, күбүр кептердин чындыгы болушу толук мүмкүн. Анткени, Жогорку Кеңеш президенттик шайлоодо жогорку бийликтин кызыкчылыгында иш алып баруусу жазылбаган эрежелерден. Анын үстүнѳ келерки чакырылышка учурдагы депутаттардын 90го жакыны кайрадан баратышат. Бул ойлондурчу жагдай. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы