- Мен шайлоого катышып жаткан партиялардын баарынын программасына бир сыйра көз чаптырып чыктым. Алардын программасы мени бир чети өкүндүрдү, бир чети таң калтырды. Анткени, баарыныкы эле коендой окшош экен, сындаганы да, кыялданганы да бирдей экен. Эми карап көрөлүчү, шайлоого катышкандардын көпчүлүгү 5 жылдан бери парламентте отургандар, болгондо дагы коалициялык көпчүлүктө болгондор. Анан ошолор, айрыкча бийликчил партиялардын: “биз жумушчу орундарды түзөбүз”, “насыянын пайызын азайтабыз”, “чиновниктердин армиясын кыскартабыз” деп айтып жатканы туурабы? Ушулардын баарын булар беш жыл ичинде эмне үчүн жасабады? Жок дегенде сөз жүзүндө дагы көтөрүшкөн эмес. Азыр да алар парламентте отурат. Беш жылда кылбаган ишин эми кантип кылат, мен ушуга таң калам. Ал эми экономикалык мүнөздөгү убадалары өлкөнүн реалдуу капчыгына, каржысына такыр дал келбейт. Аны ишке ашырганга эч бир мүмкүнчүлүк жок. Убаданы да ойлонуп туруп аткарыла тургандай кылып бериш керек да. Ушул жагынан алып караганда азыр парламентте отурган партиялардын Жогорку Кеңешке кайра келишине моралдык укугу жок деп эсептейм. Парламентти дискретизация кылышты, Жогорку Кеңештин кадырын нөлгө түшүрүштү. Демек, мен булардын кайра шайланышына каршымын. Партиялардын программасына келсек, “Мекенчил” партиясынын программасы гана конкреттүү жазылыптыр. Мага жакканы, чегара, коопсуздук маселесин ушул партия гана айтып чыкты, эң башкы өзгөчөлүгү ушунда турат. Башкалар “коррупция менен күрөшөбүз” деп жатат, бирок дайыны жок. Азыр мамлекеттин бүтүндүгү, мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн чегара, коопсуздук маселесин алдыга коюшубуз керек. Муну “Мекенчил” партиясы гана алдыга чыгарган. Ошол себептен мен “Мекенчил” партиясына чоң үмүт артып турам. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы